Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 9-июну № 113
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) он экинчи абзацта:
- "пайдаланылбаган (жоюлган)," деген сөздөр алып салынсын;
- "комиссияларынын протоколдору," деген сөздөрдөн кийин "электрондук протоколдор," деген сөздөр менен толукталсын;
б) жыйырма үчүнчү абзацта ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия" деген сөздөр алып салынсын;
в) жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ) - бюллетендерди басып чыгаруу функциясы бар, шайлоочуларды алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоого арналган түзүлүш;";
г) жыйырма сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"туруктуу жашаган жер - калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жашаган жеринин дарегин каттоо, же болбосо жарандын паспортуна каттоо белгисин коюу менен тастыкталган, жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери;";
д) отуз экинчи абзацта ", саясий партиянын" деген сөздөр алып салынсын;
е) отуз үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"диний ишмер - дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний уюмдун атынан, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу диний ишти жүзөгө ашыруучу адам;";
ж) отуз сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
з) кырк бешинчи абзацта "шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларынын" деген сөздөр "принтери бар идентификациялоочу түзүлүштүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
и) кырк тогузунчу жана элүүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"көп мандаттуу шайлоо округу - Жогорку Кеңештин үч депутаты шайлануучу шайлоо округу;
бирдиктүү республикалык шайлоо округу - Президентти шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын өзүнө камтыган шайлоо округу";
к) элүү биринчи абзацта:
- "бир мандаттуу" деген сөздөр "көп мандаттуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР)" деген сөздөр "калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
л) төмөнкүдөй мазмундагы элүү экинчи - элүү алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"онлайн идентификациялоо - добуш берүү күнү катталган жерине карабастан, шайлоочуну анын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо;
оффлайн идентификациялоо - катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүү күнү болгон шайлоочуну анын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо;
аралыктан добуш берүү - шайлоочунун катталган жерине карабастан, шайлоо участогунда электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенин жана электрондук тутумда добуш берүү маалыматтарынын автоматтык жыйнагын пайдалануу менен добуш берүү;
электрондук добуш берүү - электрондук шайлоо бюллетенин жана электрондук тутумдагы добуш берүүнүн маалыматтарынын автоматтык жыйындысын пайдалануу менен шайлоо участогунан тышкары добуш берүү;
электрондук шайлоо бюллетени - аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө колдонулуучу, программалык-техникалык каражаттар менен электрондук түрдө даярдалган бюллетень.";
2) 3-берененин 4-бөлүгү "жоюлбаган адамдар" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия," деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацта ", саясий партия", ", бир саясий партиянын" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
- ", тиешелүү шайлоо комиссиясына, аны дайындаган талапкерден же талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиядан" деген сөздөр "аны дайындаган талапкерден тиешелүү шайлоо комиссиясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "же саясий партиянын мөөрү коюлганда" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын" деген сөздөр алып салынсын;
4) 101-берененин 4-бөлүгүндө "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр "талапкерлерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Шайлоо округу. Шайлоо округдарын түзүү
1. Президентти шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү республикалык шайлоо округу болуп саналат.
2. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат.
3. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, калкты каттоо жана документтештирүү, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.
4. Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзөт жана бекитет.
Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
- шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу теңдиги шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
6. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
7. Шайлоо округдарынын тизмелери алардын чек араларын жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректерин, анын ичинде алардын графикалык сүрөттөлүшүн көрсөтүү менен, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
8. Шайлоо комиссияларынын жайгашкан жерлерин өзгөртүү округдук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
9. Президентти шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.
10. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округдарына катталат.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округуна каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.";
6) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 131-берене менен толукталсын:
"131-берене. Шайлоо участокторун түзүү
1. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участоктору түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү жана добуштарын эсептөөнү уюштуруу үчүн шайлоо участоктору аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүн.
3. Шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө, эреже катары, ар бир участокто 3000ден ашпаган шайлоочу эсебинде түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тартиптин негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо участокторунун тизмеги жана алардын чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча аларды түзүү үчүн каралган тартипте такталууга тийиш.
Шайлоочулардын санына тийиштүү ушул бөлүктүн биринчи абзацынын жобосу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участокторун түзүүдө колдонулбашы мүмкүн.
Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бир аймакта жашаган же жүргөн шайлоочулардын саны ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жана аккредитациялоочу өлкөнүн компетенттүү органдарынын макулдугу боюнча бир жайда эки же андан ашык шайлоо участогу түзүлүшү мүмкүн.
4. Жарандардын шайлоо укуктарын, анын ичинде убактылуу жүргөн жерлериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүү укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.
Кошумча шайлоо участоктору шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде гана түзүлөт жана иштейт. Аларды түзүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- эгерде көп сандагы шайлоочулар ошол аймакта убактылуу турса жана добуш берген жерде туруктуу жашаган жери жок болсо;
- эгерде жакынкы шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе.
5. Аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын иштеп чыгат.
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, аларды чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участоктору жөнүндө маалымат, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана жүргөн өлкөдө аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайтында жайгаштырылат.";
7) 14-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "жана Жогорку Кеңештин депутаттарын" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацта "Бир мандаттуу" деген сөздөр "Көп мандаттуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац "калкты каттоо" деген сөздөрдөн кийин "жана документтештирүү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "же иш жүзүндө" деген сөздөр алып салынсын;
в) 6-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 15-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Шайлоочу шайлоочулардын алдын апа тизмесинде кандай болбосун катаны же так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок болгон учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлошуудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. Мында шайлоочу жеке жана биометрикалык маалыматтары (манжаларынын издери жана (же) бетинин геометриясы) боюнча идентификациялоодон өтөт.
Арыз автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администраторуна аны тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн келип түшөт.
Шайлоочунун арызына жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан "шайлоочунун кабинетинде" электрондук билдирүү формасында жөнөтүлөт.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 4-главанын аталышында ", саясий партиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
10) 17-беренеде:
а) аталышында ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүктө:
- ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Документтер тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин кабыл алынат.";
11) 19-беренеде:
а) аталышында "талапкерлердин тизмелерин" деген сөздөр "талапкерлерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар талапкер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машина окуй турган түрдө да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык тутумуна киргизилүүгө тийиш.";
в) 2-бөлүк "жарандыгы жок адамдар" деген сөздөрдөн кийин ", башка талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 20-беренеде:
а) аталышында ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Талапкерлер ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу.
2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.";
в) 3-бөлүк "жарандыгы жок адамдар" деген сөздөрдөн кийин ", башка талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 4-бөлүктө ", саясий партиялар" деген сөздөр алып салынсын;
д) 5-бөлүктүн 1-пунктунда "(талапкерлердин тизмесинин)" деген сөздөр алып салынсын;
е) 7-бөлүктө ", саясий партиялар", ", саясий партияны" деген сөздөр алып салынсын;
ж) 8-бөлүктө "же саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер статусун жоготкондо" деген сөздөр алып салынсын;
13) 21-беренеде:
а) төмөнкүдөй редакциядагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Эгерде талапкердин үчүнчү жактар жасаган бузууларга түздөн-түз тиешеси бар экендиги далилденбесе, талапкер үчүнчү жактардын аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт, анын ичинде аны каттоо жокко чыгарылбайт.";
б) 4-бөлүктө ", талапкерлердин тизмеси" деген сөздөр алып салынсын;
в) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тиешелүү шайлоо округунда мурда депутаттыкка талапкер болуп катталган жана чыгып кеткен депутаттан кийин добуштардын көпчүлүк санын алган адам Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.";
14) 22-беренеде:
а) 22-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Талапкер талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен, өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кеминде бир республикалык мезгилдүү басылмага жарыялайт. Басылманын көчүрмөсү талапкердин шайлоо алдындагы жарыяланган программасы менен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.";
б) 9-бөлүктүн биринчи абзацында ", талапкерлердин тизмесин", "же саясий партиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
в) 10-бөлүктө:
- 1-пунктта ", талапкерлердин тизмеси" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктта ", саясий партияларга" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктта ", талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр алып салынсын;
г) 11-бөлүктө "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр "талапкерлерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) 13-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу;";
15) 23-берененин 1-бөлүгүндө ", талапкерлердин тизмелерин" деген сөздөр алып салынсын;
16) 24-беренеде:
а) 1-бөлүктө ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта ", Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча", ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысынын жалпы көлөмү иш күндөрү мамлекеттик жана региондук телерадиоуюмдарынын каналдарында отуз мүнөттөн кем эмес болууга тийиш.";
в) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацта ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга", ", саясий партияларга" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацта ", анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлер" деген сөздөр алып салынсын;
г) 6-бөлүктө ", саясий партияларга" деген сөздөр алып салынсын;
д) 8-бөлүктө ", саясий партиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
е) 9-бөлүктө:
- биринчи абзацта ", талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацта "жана саясий партиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
17) 27-берененин 3-бөлүгүнүн алтынчы сүйлөмү "саясий партиялар тиешелүү" деген сөздөрдөн кийин "округдук" деген сөз менен толукталсын;
18) 28-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- экинчи абзацта "(аралыгы 100 метрден аз)" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац "шилтеме жасоого" деген сөздөрдөн кийин ", диний багыттагы жайларда шайлоо алдындагы үгүттү, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр "талапкерлерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүктүн 1-пунктунда ", саясий партияга" деген сөздөр алып салынсын;
г) 9-бөлүктүн экинчи абзацында ", талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр алып салынсын;
19) 29-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Добуш берүүчү жайда жарык берүү тутуму менен жабдылган жана жазуу буюмдары менен камсыздалган атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, видео-белгилөө жабдуусу, башка зарыл болгон жабдуу, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр жана автоматтык эсептөөчү урналар жайгаштырылат.
Жарык берүү тутумунда кубаттандыруунун альтернативдүү булагы, кол чырактар жана шамдар болууга тийиш. Электр жарыгы өчкөн учурда добуш берүү жарык (негизги же альтернативдүү булактын эсебинен) кайра берилгенге чейин токтотулуп турат. Мындай учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү автоматтык эсептөөчү урналардан, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттери, анын иш-милдеттерин аткаруусу толук көрүнүп тургандай аралыкта турууга укуктуу.";
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацта ", талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партиялар" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацта "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр "майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Добуш берүүчү жай принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, кабиналар, мониторлор, башка зарыл болгон жабдуу жана автоматтык эсептөөчү урналар менен бир эле убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылууга тийиш.
Добуш берүүчү кабинада бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар чүчүкулак менен аныкталган кезекте жайгаштырылат. Маалыматтык материалдардын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Талапкер чыгып кеткен учурда талапкер жөнүндө маалыматтар толук көлөмүндө маалыматтык материалдардан чийип салынат.
Добуш берүүчү жайда монитор байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрүп контролдоосу үчүн жеткиликтүү жерге орнотулууга тийиш.";
г) 5-бөлүктө:
- биринчи абзацта "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр "майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "добуш берүүчү кабиналар жана үкөктөр" деген сөздөр "кабиналар жана автоматтык эсептөөчү урналар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 30-беренеде:
а) 1-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
б) 4-бөлүктө "бир мандаттуу" деген сөздөр "көп мандаттуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 51-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилде шайлоочуну идентификациялагандан кийин принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөн басып чыгарылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү камтууга тийиш. Шайлоо бюллетени ага шайлоочунун койгон белгисин бюллетендин арт жагынан көрүүгө мүмкүн болбогон тыгыздыктагы кагазга басылууга тийиш.
Шайлоо участоктору майыптыгы бар адамдар шайлоо бюллетендерин өз алдынча толтуруусу үчүн атайын трафареттер, анын ичинде Брайль ариби колдонулган бюллетендер менен жабдылат.";
д) 7, 8, 9-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
е) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Талапкерлер чыгып кеткен учурда тиешелүү талапкерлер жөнүндө маалыматтар шайлоо бюллетендеринен чийип салынат.";
ж) 11-бөлүктө "Шайлоо бюллетендери," деген сөздөр алып салынсын;
з) 12-бөлүктө "Басмакананын," деген сөз алып салынсын;
21) 31-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- идентификациялоону жүзөгө ашыруучу жана басып чыгарылган бюллетендерди, идентификациялоо чектерин берүүчү;";
- алтынчы абзацта "добуш берүү үкөктөрүнө" деген сөздөр "автоматтык эсептөөчү урналарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацта ", саясий партиялардын", ", шайлоо бюллетендери" деген сөздөр алып салынсын;
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилүүчү (пломбалануучу) автоматтык эсептөөчү урналарды кароо үчүн көрсөтөт. Мөөрлөнгөн автоматтык эсептөөчү урналарга участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо участогунун номери, контролдук барактардын автоматтык эсептөөчү урналарга салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды сапат. Контролдук барактарга ошол адамдар кол коюшат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.";
- онунчу жана он биринчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Добуш берүүчү жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификациялоо боюнча жабдууну колдонуу менен, шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча аны онлайн жана (же) оффлайн идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт. Шайлоочуну идентификациялоо саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрү жана байкоочулар шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосун жана мониторду көрүп тургандай аралыкта жана шарттарда жүргүзүлүүгө тийиш.
Шайлоочуну идентификациялоо шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документти көрсөткөндө жүзөгө ашырылат.";
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек жана тиешелүү округдун бюллетени басып чыгарылат.";
- он биринчи абзацта "добуш берүү үчүн кутуларга" деген сөздөр "автоматтык эсептөөчү урналарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Шайлоочу добуш берүү бюллетени менен чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берет, ал шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.
Идентификациялоодон кайрадан өтүү аракетинде, эгерде шайлоочу идентификациялоодон өткөн болсо, серептөөчү монитордо бул шайлоочунун мурда идентификациялангандыгы тууралуу билдирүү ал жүргүзүлгөн шайлоо участогунун номерин көрсөтүү менен чагылдырылат.
Идентификациялоодон өткөн шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат 9:00дөн 19:00гө чейин саат сайын борбордук серверге онлайн жөнөтүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында автоматтык түрдө жарыяланат.";
г) 5 жана 6-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 7-бөлүктө "Добуш берүү үчүн үкөктөр" деген сөздөр "Автоматтык эсептөөчү урналар, эреже катары," деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 81-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенине өзү тандаган бир гана талапкерге тийиштүү чарчыга белги коёт же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт.";
ж) 82-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
з) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ага жаңы шайлоо бюллетенин берет, мында шайлоочулардын тизмесиндеги анын фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коёт. Шайлоо бюллетени кайрадан бир гана жолу басып чыгарылат. Бузулган бюллетень жок кылынып, бул жөнүндө акт түзүлөт.";
к) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар тиешелүү мөөрлөнгөн (пломбаланган) автоматтык эсептөөчү урналарга салышат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү жайдан алып чыгууга тыюу салынат. Автоматтык эсептөөчү урнага бюллетенди таштоо эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылган учурларды кошпогондо, автоматтык эсептөөчү урналардын жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Добуш берүүчү жайда турган адамдарга автоматтык эсептөөчү урнага сереп салууну далдалоого же башка ыкма менен ага байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга тыюу салынат.";
л) 15-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулуусунун натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда добуш берүү аяктагандан кийин жыйынтык отчетун түзүү үчүн аларды пайдаланууга жол берилет. Мында акт түзүлөт, ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып отурган мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү кол коюшат.";
22) төмөнкүдөй мазмундагы 311-берене менен толукталсын:
"311-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүү
1. Шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.
2. Аралыктан, электрондук добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.
3. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды түзүү мүмкүндүгү шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнүн сакталышына жана добуш берүүнүн купуялуулугунун сакталышына кепилдикти эске алуу менен камсыз кылынат.
4. Аралыктан, электрондук добуш берүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
5. Өзүнүн шайлоо участогунан тышкары бир округдун чегинде аралыктан добуш берүүгө жол берилбейт.";
23) 33-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүүчү көчмө үкөктөрдүн зарыл болгон саны (бирок үчтөн ашык эмес) болуш керек. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү алдын ала мөөрлөнгөн (пломбаланган) добуш берүүчү көчмө үкөктөрдү жана принтери бар иденттификациялоочу түзүлүштү алган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен биргелешип жүргүзөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жайдан тышкары ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүүчү көчмө үкөктөрдү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө карап чыгуу үчүн көрсөтөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы мөөрлөнгөн добуш берүүчү көчмө үкөктөргө шайлоо участогунун номери, контролдук барактардын добуш берүү үчүн үкөккө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.";
в) 6-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Идентификациялоодон кийин шайлоочуга чек жана тиешелүү шайлоо округунун бюллетени басып чыгарылат.";
г) 9-бөлүктүн экинчи абзацында ", пайдаланылбаган бюллетендердин саны", ", саясий партиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
24) 34-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Участкалык, аймактык, округдук шайлоо комиссиялары тиешелүү шайлоо участогундагы, аймагындагы, округундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт.";
б) 3-бөлүк "Участкалык, аймактык" деген сөздөрдөн кийин ", округдук" деген сөз менен толукталсын;
25) 35-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацында ", саясий партиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
б) 31 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүктүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 6-бөлүктүн төртүнчү абзацында "добуш берүү үчүн үкөктөргө" деген сөздөр "автоматтык эсептөөчү урналарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 8-бөлүктүн үчүнчү, төртүнчү, бешинчи абзацтарында "Добуш берүүчү үкөктөрдөн", "добуш берүүчү үкөктөгү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Автоматтык эсептөөчү урнадан", "автоматтык эсептөөчү урнадагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 91-бөлүктө "ар бир саясий партия үчүн," деген сөздөр алып салынсын;
ж) 11-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"11. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын саноо белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча ар бир талапкер жана "Баарына каршы" позициясы боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгарып, аларды бир таңылчактан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар саноону уга турган жана шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көрө турган аралыкта жана жолтоо жаратпаган тартипте жүргүзүлөт. Ар башка таңылчактардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.";
- экинчи абзацта ", ар бир талапкердин тизмеси" деген сөздөр алып салынсын;
з) 111 жана 112-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
и) 12-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө саналат жана кошулат. Шайлоочунун эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүүчү көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүүчү көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белги бар шайлоочулардын арыздарынын санынан ашып кеткен факты орун алган болсо) жараксыз болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген коргоо белгилери коюлбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздарга кирет.";
к) 121-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
л) 23-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.";
26) 36-берененин аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сан формаларындагы "аймактык шайлоо комиссиясы", "аймактык комиссия" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жана жөндөмөлөрүнө жараша "округдук, аймактык шайлоо комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) төмөнкүдөй мазмундагы 361-берене менен толукталсын:
"361-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо
Добуш берүү аяктагандан кийин маалыматтык шайлоо тутуму тиешелүү шайлоо участоктору жана округдар боюнча бекитилген форма боюнча аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколду автоматтык түрдө түзөт. Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары маалыматтык шайлоо тутумунун сайтында чагылдырылат. Аймактык шайлоо комиссияларындагы тутумдук администраторлор электрондук протоколду басып чыгарышат жана ошол комиссиянын иш-аракет чөйрөсүнө кирген округдар боюнча округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет.
Электрондук протокол төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- аралыктан, электрондук добуш берүү аркылуу добуш берген шайлоочулардын саны;
- алынган добуштардын саны көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси;
- "Баарына каршы" позициясы үчүн берилген добуштардын саны;
- Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу башка маалыматтар.
Тиешелүү аймакта Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу округдук жана аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Маалыматтык шайлоо тутумунда ар бир округ боюнча аралыктан, электрондук добуш берүүнүн электрондук протоколу түзүлөт, ал Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо ар бир округ боюнча шайлоонун натыйжаларын чыгарууда округдук, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан эске алынат.
Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду басып чыгаруу процессинде талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан сүрөткө тартуу, киного, видеого тартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Эгерде аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүүнүн катышуучуларынын эркин билдирүүсүнүн так аныкталышына мүмкүндүк бербеген бузууларга жол берилсе, шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары округдук же аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Мындай учурда шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык, шайлоонун натыйжалары аралыктан, электрондук добуш берүүнү эске албастан, шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.";
28) 37-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде шайлоочулардын башка талапкерлерге караганда көп сандагы добуш алган талапкерлер үчүн берилген добуштарынын саны шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо болбой калды деп таанылат. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны автоматтык эсептөөчү урнадан алынган белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин саны боюнча, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо - идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чектер боюнча да аныкталат.";
б) 4-бөлүктүн 5-пунктунда "добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү" деген сөздөр "автоматтык эсептөөчү урнадагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 41-бөлүктө:
- биринчи абзацта "талапкерлердин тизмеси" деген сөздөр "талапкерлер" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылган учурда шайлоочулардын талапкерге, талапкерлерге берген добуштары шайлоо бюллетендерин жараксыз бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат. Мындай талапкердин, саясий партиянын кайра шайлоого катышуусуна жол берилбейт.";
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 6-бөлүктүн 2-пунктунда ", саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси" деген сөздөр алып салынсын;
29) 38-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи сүйлөмдө "саясий партия" деген сөздөр "көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү сүйлөмдө ", талапкерлердин тизмелерин" деген сөздөр алып салынсын;
30) 39-берененин 3-бөлүгүндө:
- "бир мандаттуу" деген сөздөр "көп мандаттуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ", саясий партиялардын жана талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер", ", бардык саясий партияларга каршы" деген сөздөр алып салынсын;
31) 41-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Талапкерди көрсөткөн саясий партия шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык Мыйзамдын 54 жана 62-беренелеринде каралган тартипте саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталгандан кийин өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.";
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарды шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт. Мындай кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн, идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат.
Ыктыярдуу кайрымдуулукту төгүүдө жаран төлөм документинде өзү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды көрсөтөт: жеке идентификациялык номерин (ЖИН), фамилиясын, атын, атасынын атын.
Юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугун төгүүдө төлөм тапшырмасында ал жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), аталышы.";
в) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"Кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда талапкердин бардык чыгымдарынын келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын жалпы чектик суммасы шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен бир жарым эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн.";
г) 5-бөлүктүн биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктык мекемедеги атайын эсепке которулат.";
д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Банктык же мобилдик тиркемелердин тизмеги көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банктык же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.";
е) 7-бөлүк "саясий партияларга, алардын" деген сөздөрдөн кийин "каржы маселеси боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
ж) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Шайлоо фонддорунун каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү менен түзмө-түз байланышкан жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, товарларды жана материалдарды сатып алуу боюнча уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга гана пайдаланылышы мүмкүн, анын ичинде:
- шайлоо төгүмүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө төгүү;
- маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө, тартылган кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө;
- жарнама-басма кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө (үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кулактандырууларды жана сүйлөнгөн сөздөрдү жарыялоо);
- жайларды, жабдууларды ижарага алуу;
- транспорттук жана иш сапары боюнча чыгымдарды жабуу;
- байланыш кызматтарын көрсөтүү;
- кеңсе товарларын, жабдууларды ж.б. сатып алуу";
з) төмөнкүдөй мазмундагы 91 жана 92-бөлүктөр менен толукталсын;
"91. Майыптыгы бар талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине өзүнүн шайлоо фондунан каражат төгөт:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына майыптыгы бар адамдардан турган талапкерлер үчүн шайлоо төгүмү майыптыктын тобун эске алуу менен белгиленет:
- III топтогу майыптарга - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө;
- I жана II топтордогу майыптарга - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.
Талапкерди каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы) жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте майыптыгы бар экендигин белгилеген маалымкат берилет.
92. Талапкерлер өзүнүн шайлоо фондунун эсеби боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана түзүүнүн бардык булактары, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык чыгымдар жөнүндө финансылык отчетторду берүүгө милдеттүү. Шайлоо фонддорун түзүүнүн жана каражаттарын чыгымдоонун тартиби, отчеттордун мөөнөттөрү жана формалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.";
и) 10-бөлүктө ", талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр алып салынсын;
к) 13-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Талапкерди каттоодон баш тартылган, талапкер өз талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоо жокко чыгарылган (алып салынган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары салынган каражаттарга пропорциялуу түрдө аларды берген жарандарга жана уюмдарга токтоосуз кайтарып берүүгө тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.";
л) 14-бөлүк:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Банктык эсептешүү эсеби бар болгондо мындай эсептешүүлөрдү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү тизмекке киргизилген мобилдик банктык тиркемелердин тутумдары аркылуу жүргүзүүгө жол берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Мында талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү бир жумуштарды аткаргандыгы (кызматтарды көрсөткөндүгү) үчүн даректүү социалдык жардам алуучу, аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга накталай эмес эсептешүү аркылуу акы төлөөсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуусуна себеп болуп саналбайт.";
м) 141-бөлүктө:
- экинчи абзац "саясий партия" деген сөздөрдөн кийин "бир талапкер үчүн 1000 үгүтчүдөн ашпайт" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- көп мандаттуу округдан талапкер 1000 үгүтчүдөн ашпайт.";
н) 16-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Шайлоо төгүмү кайтарылбайт жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.";
о) 161-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
п) 19-бөлүктө "банк же башка мекеме" деген сөздөр "банктык мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
р) 21-бөлүктө:
- "жана кайра кайтарылган" деген сөздөр алып салынсын;
- "күрөөлөрүнүн" деген сөз "төгүмдөрүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
32) 42-беренеде:
а) 3-бөлүктүн биринчи сүйлөмү "мекемелердин тартылган адистери" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ишке тартылган эксперттери" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи сүйлөмү "тартылган адистерге" деген сөздөрдөн кийин ", эксперттерге" деген сөз менен толукталсын;
в) 6-бөлүктө:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) шайлоону каржылоодогу каржылык бузуулар жөнүндө документтерди (корутундуларды, маалымкаттарды, эксперттик баалоолорду) түзөт;";
- 7-пункт "баалоолорду даярдоого" деген сөздөрдөн кийин "адистерди жана" деген сөздөр менен толукталсын;
33) 43-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
34) 44-берененин 5-бөлүгү "укуктарын бузган" деген сөздөрдөн кийин "округдук," деген сөз менен толукталсын;
35) 45-беренеде:
а) 1-бөлүктө "талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар," деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
"12. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана токтомдору тигил же бул негиздер боюнча сот тарабынан кайра каралууга тийиш эмес.";
36) 46-беренеде:
а) аталышында ", талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Талапкерди каттоо төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
1) ушул конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 6-бөлүгүндө жана 61-беренесинин 14-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;
2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер же саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;
3) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулганда;
4) талапкердин мамлекеттик кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы адамдар, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери менен аларды шайлоо алдындагы үгүт ишине катыштырбастан жана иш убактысынан тышкары жолугушууларын кошпогондо, талапкер, анын өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги тууралуу ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинде каралган талаптар бузулганда;
5) талапкердин, саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын кызматкерлеринин же алардын өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешеси болгон фактылар ырасталганда;
6) талапкердин, саясий партиянын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алууну, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларды жасаган же ага тиешеси болгон фактылар ырасталганда;
7) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде.";
в) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацынын экинчи сүйлөмүндө ", ушул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги" деген сөздөр алып салынсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Шайлоо өнөктүктүгүнүн жүрүшүндө алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары же үгүтчүлөрү тарабынан жасалган бузуулар үчүн, эгерде ошол бузууларга талапкердин өзүнүн түздөн-түз тиешеси далилденбесе, талапкерлер жоопкерчилик тартпайт. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу анын билип туруп, макулдугу же тикелей көрсөтмөсү менен жасалган, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүн бузуусун ырастаган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүнүн негизинде гана мүмкүн.";
37) 49-берененин 1-бөлүгүндө "күрөөсүн" деген сөз "төгүмүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
38) 50-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү "жана калкты каттоо" деген сөздөрдөн кийин "жана документтештирүү" деген сөздөр менен толукталсын;
39) 52-берененин 7-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "күрөөсүн" деген сөз "төгүмүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
40) 53-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо.";
б) 6-бөлүктө "3 календардык" деген сөздөр "10 календардык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) 59-65-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59-берене. Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоону дайындоо
1. Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
3. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга таандык.
4. Шайлоо өткөрүлгөн күнгө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет.
5. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 100 календардык күндөн эрте эмес жана 90 календардык күндөн кеч эмес дайындалат. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын жекшембиси добуш берүү күнү болуп саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп саналат.
6. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда жана Конституцияда каралган учурларда - ал чечим кабыл алган же Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө дайындайт.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.
7. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.
8. Эгерде Президент ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындабаса, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү датасын расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.
9. Тиешелүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаты чыгып кеткен учурда депутаттык мандат тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын алган ошол эле жыныстагы шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы көрсөтүлгөн адамдар жок болгон учурда мандат ошол эле тизмедеги, карама-каршы жыныстагы, ошол эле шайлоо округунда добуштардын көпчүлүк санын алган кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
10. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна эркектердин да, аялдардын да квотасы боюнча эки жыныстагы талапкерлер жок болгон учурда өткөрүлөт.
60-берене. Саясий партиялар тарабынан көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби
1. Саясий партиялардан көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү көп мандаттуу шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт.
2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга саясий партияларды каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында шайлоо жарыяланганга чейин катталган жана (же) кайра катталган саясий партияларга жол берилет.
3. Саясий партияларды мамлекеттик каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен тизменин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарында жарыяланышын камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматтарын көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катыша тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүүгө тийиш. Саясий партиянын уставынын нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү кабарлоого саясий партиянын жетекчисинин колу коюлууга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга кабарлоону алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастаманы жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдаманы кечиктирбей берүүгө милдеттүү.
5. Саясий партия шайлоо документтеринде пайдаланылган кыскача аталышын жана эмблемасын, эгерде алардын сыпаттамасы анын уставында камтылган аталышынан жана эмблемасынан айырмаланса, Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана эмблемасы Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин аларды өзгөртүүгө шайлоо процесси аяктаганга чейин жол берилбейт.
6. Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партиянын курултайында жашыруун добуш берүү менен ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден талапкер көрсөтөт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлигин койгон көп мандаттуу шайлоо округун көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
7. Саясий партия аталган ушул партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу.
8. Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз.
9. Саясий партия көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди, талапкерлерди ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен кезексиз курултайда жашыруун добуш берүү менен кайра чакыртып алууга укуктуу.
10. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын курултайынын саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
Саясий партиянын курултайынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин тиешелүү шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
11. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү.
12. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалыматтар саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө басма (кагаз) түрүндө жана электрондук сактагычта берилет. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат тутумуна электрондук машинада окула турган түрдө киргизилүүгө тийиш.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жөнүндө маалыматтарды текшерүүдө соттолгондугу жана жогорку кесиптик билими бар (жок) экендиги жөнүндө расмий корутундуларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
601-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлерди көрсөтүү тартиби
1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт.
2. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жаранынын Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз берүүсү аркылуу жүргүзүлөт. Мында талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төгөт.
3. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
61-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо
1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1) саясий партиянын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечимин;
2) көп мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн ар бир талапкер тарабынан толтурулган, талапкер жөнүндө маалыматтарды (биографиялык жана башка маалыматтарды) камтыган атайын форманы, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалым катты, башка мамлекеттин жарандыгынын жок экендиги жөнүндө декларацияны, соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгынын (анын ичинде мурдагы жарандыктарынын, башка жарандыктарынын) бар же болбосо жок экендиги боюнча жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдугун;
3) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн күбөлөндүрүүчү документти.
Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү документтер саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
2. Майыптыгы бар жана буга байланыштуу өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, ушул конституциялык Мыйзамда каралган башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок адам Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн учурда ошол адам бул үчүн башка адамдын жардамын пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөтүп жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастаманы (маалымдаманы) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер берилгенден кийин дароо берилет.
4. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине ар бир талапкер үчүн шайлоо төгүмүн мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө төгөт.
5. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 40 календардык күндөн кечиктирбестен, добуш берүү күнү саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү жөнүндө арызды жана төмөнкү документтерди берет:
1) талапкер тарабынан толтурулган, талапкер жөнүндө маалыматтарды (биографиялык жана башка маалыматтарды) камтыган атайын форманы, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалым катты, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларацияны, соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгынын (ошондой эле мурдагы жарандыктарынын, башка жарандыктарынын) бар же болбосо жок экендиги боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун;
2) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн күбөлөндүрүүчү документти.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерди, саясий партиядан талапкерлерди көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин текшерет жана талапкерлерди каттайт же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Аталган текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен да жүргүзүлөт. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде бул талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болгон шайкеш эместикти тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул жөнүндө талапкерге, саясий партияга кабарлоого милдеттүү. Талапкер, саясий партия кабарлоону алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
7. Бир эле адамды бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого жол берилбейт.
8. Ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 41-бөлүгүндө каралган факты болгондо талапкерди каттоого жол берилбейт.
9. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.
10. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо үчтөн аз талапкер катталса, анда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлерди кошумча көрсөтүү жана кийинки шайлоо иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.
11. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын өкүлүнө, талапкерге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- талапкерди каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;
- ушул конституциялык Мыйзамда каралган талапкерди көрсөтүү тартибин сактабоо;
- талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
- башка саясий партиядан талапкерди каттоо фактысынын болушу же болбосо талапкерди бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округунда каттоо фактысынын болушу;
- талапкердин, саясий партиянын өзүнүн шайлоо фондун түзбөөсү;
- талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы;
- эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо.
12. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим аны алган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
13. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берүү же болбосо ыйгарым укуктуу адамы аркылуу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн арызды берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
14. Саясий партия каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүү менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерди, талапкерлерди чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарууга милдеттүү.
15. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер катталгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, көрсөтүлүүчү субъекттин аталыштарын, ошондой эле талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.
16. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде катталган датасын көрсөтүү менен аларга Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ырастамаларын берет.
62-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду
1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүктүгүн каржылоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өз шайлоо фонддорун түзөт.
2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу үгүт-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;
2) эсептик көрсөткүчтөн 1000000 эседен ашпаган саясий партиянын өз каражаттарынан;
3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашпаган жеке жактардын кайрымдуулук каражаттарынан;
4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынан.
Талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы ар бир талапкерге эсептик көрсөткүчтөн 200000 эседен ашпайт.
Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
621-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду
1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер шайлоо өнөктүктүгүн каржылоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өз шайлоо фондун түзөт.
2. Шайлоо фонду Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- эсептик көрсөткүчтөн 100000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;
- эсептик көрсөткүчтөн 10000 эседен ашпаган көрсөтүлгөн саясий партия тарабынан талапкерге бөлүнгөн каражаттардан;
- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан;
- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынан.
Талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 200000 эседен ашпайт.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
63-берене. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо
1. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо болгон жок же жараксыз деп таанылган учурда кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
2. Кайра шайлоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт, мында шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскартылат. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен, кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
3. Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
64-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо
1. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы республика боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ар бир талапкер үчүн берилген добуштарды эсептөөнү жүргүзөт.
3. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган болуп тиешелүү аймактык шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочуларынын эң көп сандагы добушун алган үч талапкер таанылат.
Талапкерлердин алган добуштары бирдей болгондо көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган болуп каттоо үчүн документтердин топтомун датасы жана убактысы боюнча эрте берген талапкер эсептелет.
4. Тиешелүү көп мандаттуу округ боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдө бир жыныстагы өкүлдөр үчүн экиден ашык мандат бөлүнүшү мүмкүн эмес.
5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо 30дан кем эмес депутаттык мандат бир жыныстагы депутаттарга таандык болууга тийиш.
6. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун жыйынтыктары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
65-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө
1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу шайлоого катышууга уруксат берилген саясий партияларга жана депутат болуп шайланган талапкерге билдирет. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
2. Эгерде депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган тартипте кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден өздөрүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.
4. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда депутаттык мандат Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ушул конституциялык Мыйзамдын ушул беренесинин 6-бөлүгүндө каралган тартипте кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
5. Депутаттын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
1) ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө анын арыз берүүсү;
2) сот тарабынан аны аракетке жөндөмсүз деп таануу;
3) депутаттын каза болуусу;
4) аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирүүсү;
5) ага карата соттун айыптоочу өкүмүнүн күчүнө кирүүсү;
6) депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга ылайык келбеген ишке өтүүсү же ишти таштабоосу;
7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетүүсү;
8) жарандыктан чыгуусу, башка жарандыгынын бар экендигинин же болбосо башка жарандыкты алуу фактысынын аныкталышы;
9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз 10 же андан ашык иш күн келбөөсү;
10) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;
11) депутаттык мандатты чакыртып алуу.
6. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп сандагы добушун алган талапкерге ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн ченемдерин сактоо менен берилет.".
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |