Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 24
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII -чакырылышынын) кезектеги V - сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Айыл аймагындагы мал баккандар 2025-жылдын 10-апрелинен 20-апрелге чейин жогорку жайытка көчүп кетишсин.
Чаңгет 1-апрелинен 10-апрелге чейин жогорку жайытка көчүп кетишсин.
2.Мал баккандар 2025-жылдын 10- сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп келүү жагы мал баккандарга милдеттендирилсин.
3.Малчылар дан эгиндеринен, чөп орокторунан 5 чакырым алыстыкта отурушсун.
4.Токтомду аткаруу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабековго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |