Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 27
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII -чакырылышынын) кезектеги V - сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал жандыктар киргизилбесин. Кара-мал, жылкыга 2000 (эки миң) сом, кой-эчкиге 500 (беш жүз) сомдон айып пул салынсын.
2.Сырттан киргизилген мал жандыктар Ийри-Суу айыл аймагынан чыгарылсын, ээсине кайтарылсын.
3.Сырттан келген мал- жандыкка малчылар менен жайытка келишим түзүлбөсүн. Түзүлгөн келишимде жайлоого көчүп кетүү жана көчүп келүү жагы токтомдо көрсөтүлгөн боюнча белгиленсин.
4.Токтомду аткаруу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабековго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |