Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 28
Жийде айылынын элдик жыйындын протоколунун негизинде К.Биймурзаев көчөсүнүн тургундарынын кайрылуу катынын жана айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Жийде айылынын элдик жыйындын протоколунун негизинде К.Биймурзаев көчөсүнүн тургундарынын кайрылуу катынын жана айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтү менен Жийде айылынын Биймурзаев автоунаа жүрүүчү жолду оңдоп түзөп асфальт төшөө үчүн мыйзамда белгиленген каржы булактардан жана фондттордон акча каражатын табуу жагына макулдук берилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мусаев Бекболотко жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |