Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 29
“Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга эсептегич коюу мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга эсептегич коюу мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга эсептегич коюу мөөнөтү 2025-жылдын 1- май айына чейин белгиленсин.
2.Таза сууга эсептегичти суу пайдалануучулардын өз эсебинен алынсын.
3. Таза суунун эсептегисин коюп орнотуп берүү жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын адистерине жүктөлсүн.
4.Токтомду аткаруу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабековго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |