Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 30
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө дан эгиндерин оруп жыйноого (комбайн) атайын техника сатып алуу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши (VIII - чакырылышынын) кезектеги V - сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө дан эгиндерин оруп жыйноого (комбайн) атайын техника сатып алуу жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунуш каты жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө дан эгиндерин оруп жыйноого (комбайн) атайын техника сатып алуу жөнүндө сунушу колдоого алынып, макулдук берилсин.
2.“Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасы аркылуу Айыл Банк ААК Өзгөн филиалынын “Lovol GV100 үлгүсүндөгү дан оруучу комбайн лизинке, баасы 73000 (жетимиш үч миң) АКШ доллары, 6 % менен 7 жыл мөөнөт менен алынсын.
3.Өздүк салым, камсыздандыруу жана башка чыгымдары Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн эсебинен “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын атынан Айыл Банктын эсептик счётуна салынсын.
4.Алынып жаткан техника сөздүк түрдө камсыздандыруу уюмдарында лизингтин бүт мөөнөт ичинде камсыздандырылсын.
5.Айыл Банк жана “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын ортосунда түзүлүүчү лизинг келишимдеринин шарттарын, жана лизинг боюнча төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү шарттарын аткарылышын кепилдик берүү максатында Ийри-Суу айыл өкмөтү кепил берүүчү болуп дайындалсын.
6.Жогоруда көрсөтүлгөн пунктардын аткарылышы, техниканын сатуучусу жана Айыл Банк менен түзүлө турган келишимдер, ошондой эле лизинг жана кепилдик келишимдерге кол коюуу милдети “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабеков жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Караев С.О. милдеттендирилсин.
7.Лизингти алуу боюнча тиешелүү финансылык жана юридикалык иш кагаздарын даярдап тапшыруу жумуштары Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Икрамов Максатка милдеттендирилсин.
8.Токтомду аткарууга алуу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабековго тапшырылсын.
9.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мусаев Бекболотко жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |