Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отуруму
2024-жылдын 16-сентябры № 37/1
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы биргелешкен отурумунун №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелер планына 9250,0 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 5000,0 миң сом бюджеттик кирешелерге жана 4250,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айындагы бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен 9250,0 миң сом каржылоону № 1 тиркемеге ылайык жүргүзүүгө макулдук берилсин.
3. Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бекитилген титулдук тизмесиндеги айрым иштерди кыскартып, кошумча аткарылуучу иштерди № 2 тиркемеге ылайык каржылоого макулдук берилсин.
4. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин эмгек акысынан үнөмдөлгөн акча каражатын № 3 тиркемеге ылайык башка статьяларга каржылоого макулдук берилсин.
5. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| А . Хасанов |
Өзгөн шаардык кеңешинин
(VII чакырылышынын)
2024-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги XXXVII сессиясынын
отурумунун №37/1 токтомунун
1-тиркемеси
№ | Жумуштун аталышы | Сумма (миң) | Мекеме-уюм |
1 | Титулдук тизменин I пунктунун 12-бөлүгүндө каралган Таштак спорт клубун ондоого бөлүнгөн акча каражатын багытын жаңыдан курууга деп өзгөртүп, кошумча акча бөлүү | 1350,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
2 | №7 Гимназиянын от канасы жана көмүр кампасынын ремонтуна | 1250,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
3 | С.Шариповдун эстелигин орнотууга | 400,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
4 | Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталына районду өнүктүрүү фондунан алынып берилген электр жабдууларын орнотууга | 500,0
| Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
5 | Борбордук аянтка мамлекеттик желек сатып алууга | 500,0 | МММБ департаменти |
6 | 3 Бала бакчанын ижара акысына | 500,0 | МММБ департаменти |
7 | Өзгөн шаарындагы “Орто Коргон” стадионуна жер астынан таза-суу (скважина) чыгаруу үчүн долбоорун жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоого | 500,0 | МММБ департаменти |
8 | Атайын каражат балдар бакчасын тамак-ашы | 4250,0 | Шаардык билим берүү бөлүмүнө |
| Жалпы: | 9250,0 |
|
Өзгөн шаардык кеңешинин
(VII чакырылышынын)
2024-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги XXXVII сессиясынын
отурумунун №37/1 токтомунун
2-тиркемеси
№ | Жумуштун аталышы | Сумма (миң) | Мекеме-уюм |
1 | Титулдук тизменин I пунктунун 1-бөлүгүндө Курманжан Датка атындагы мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча курууга каралган акча каражатынан Өзгөн шаарынын балансына өткөн кинотеатрды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө. | 1500,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
2 | Титулдук тизменин I пунктунун 1-бөлүгүндө Курманжан Датка атындагы мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча курууга каралган акча каражатынан 1500,0 миң сомду борбордук аянтчадагы “Манас”тын эстелиги орнотулган аянтчаны оңдоп түзөөгөгө жана “Достук” паркын реконструкциялоого | 1500,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
3 | Титулдук тизменин I пунктунун 2-бөлүгүндө Ленин атындагы мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча курууга каралган акча каражатынан 3000,0 миң сомду Өзгөн Таза-Суу МИна кредит төлөөгө. | 3000,0 | Өзгөн Таза-Суу МИ |
4 | Жолбун иттерди атуу, сапар чыгымдары жана эмерек сатып алуу | 220,0 | “Жашылдандыруу Чарбасы”МИ |
5 | Титулдук тизменин I пунктунун 2-бөлүгүндө Ленин атындагы мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча курууга каралган акча каражатынан 600,0 миң сомду Автобекетке проект-долбоор даярдоого | 600,0 | МММБ департаменти |
6 | 10 даана таштанды таштоочу контейнер сатып алууга каралган 1000,0 миң сом акчаны “Өзгөн Тазалык” МИнын эсебине таштанды ташуу боюнча муниципалдык тапшырмаларды аткаргандыгы учун . | 1000,0 | “Өзгөн Тазалык” МИна |
7 | Титулдук тизменин I пунктунун 15-бөлүгүндө С.Шарипов атындагы орто мектебине ашкана курууга каралган акча каражатынан 1300,0 миң сомду “Өзгөн Тазалык” МИнын тарабынан соттун чечимин аткаруу учун болуп берууга.
| 1300,0 | “Өзгөн Тазалык” МИна |
| Жалпы: | 9120,0 |
|
Өзгөн шаардык кеңешинин
(VII чакырылышынын)
2024-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги XXXVII сессиясынын
отурумунун №37/1 токтомунун
3-тиркемеси
Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин эмгек акыдан үнөмдөлгөн 2030,0 миң сом акча каражатын төмөндөгү жумуштарга бөлүү.
№ | Жумуштун аталышы | Сумма (миң) | Мекеме-уюм |
1 | Өзгөн шаарында түнкү жарыктыктарга жана коопсуз шаар долбооруна ПСД даярдоого (Амур-Темур, Манас, Мирзарахимов жана Маллабеков көчөлөрү | 600,0 | МММБ департаменти |
2 | Мектеп көчөлөрүнө зебра чийдирүү | 100,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
3 | Түнкү жарыктандырууларды сатып алууга | 700,0 | МММБ департаменти |
4 | Светофорлорго запастык бөлүк сатып алуу | 430,0 | МММБ департаменти |
5 | Архитектура жана Кадастр кызматына (муниципалдык жерлерге мамлекеттик акт алуу) | 200,0 | МММБ департаменти |
| жалпы | 2030,0 |
|