Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отуруму
2024-жылдын 16-сентябры № 37/2
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы биргелешкен отурумунун №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айындагы киреше бөлүгү 84892,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 73495,1 миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелер планына 9250,0 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 5000,0 миң сом бюджеттик кирешелерге жана 4250,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы эске алынсын.
3. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо жана көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А . Хасанов |