Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отуруму
2024-жылдын 16-сентябры № 37/3
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасын жоюууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасы 2024- жылдын жыйынтыгы менен жоюлсун. 2025- жылдын 1-январынан тарта анын милдеттери тийиштүү тартипте Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына өткөрүп берилсин.
2. Ишкананы жоюуу боюнча Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| А . Хасанов |