Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу
сессиясынын отуруму
2024-жылдын 27-ноябры № 1/2
Өзгөн шаардык кеңешинин VIII-чакырылышынын төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №5 жана №6 протоколдору бекитилсин.
2. Маматкасимов Сарварбек Маматсадыкович жана Чолуков Уран Абдиназарович - Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| А.Джалилов |