Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу
сессиясынын отуруму
2024-жылдын 27-ноябры № 1/3
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
структурасын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин алдында төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
- «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясы
- «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы
- «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясы
- «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясы
2. Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) структурасы – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы, 2 орун басары, 4 туруктуу комиссиясы жана кеңештин аппаратынан турушу белгиленсин.
Төрага |
| А.Джалилов |