Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу
сессиясынын отуруму
2024-жылдын 27-ноябры № 1/5
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №217 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-июлундагы Элдик Курултай жөнүндө №146 Конституциялык мыйзамына жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2024-жылдын 1-октябрындагы №2 протоколуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы отурумунун № 1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге, жыйындарды жана жыйналыштарды өткөрүү графиги 2-тиркемеге, өкүлчүлүк нормасы 3-тиркемеге, МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота 4-тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Өзгөн шаарында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындары 17 МАБтарда өткөрүлсүн. Жыйындарга тиешелүү МАБта жашаган тургундардан 50 дөн кем эмес жарандардын катышуусун камсыз кылуу жагы МАБ башчыларына милдеттендирилсин. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү күнү 2024-жылдын 7-декабрына саат 10-00гө белгиленсин жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүү сунушталсын.
4. Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү иштерине көмөк көрсөтүү жана сарпталуучу каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы кезектеги I уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
1- тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Комиссиянын төрагасы:
1.А.Джалилов – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы,
Комиссиянын катчысы:
2.М.Розахунов – Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы,
Комиссия мүчөлөрү:
3.Г.Сулайманова - Өзгөн шаардык мэриясынын башкы адиси,
4.А.Ташматов - Өзгөн шаардык мэриясынын башкы адиси
5.Н.Юлдашев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
6.К.Кадиркулов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
7. Н.Шамаматов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
8. И.Дадажанов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
9. У.Мамадалиев – Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен)
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы кезектеги I-уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
2-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйындарды жана жыйналыштарды өткөрүү графиги
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | Чогулуш өтүүчү жай |
1 | Жаңы-Хаят
| 2024-жылдын 4 -декабрь күнү Саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
2 | Сараксий | ||
3 | Үч-Дөбө | ||
4 | Шарк | ||
5 | Кылыч-Бурхан | ||
6 | Гузар | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 11:30 | №7 Мектеп гимназия. |
7 | Гузар-1 | ||
8 | Мажирим-Тал | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 10:00 | А.Темур а.о.м. |
9 | Жаңы-Турмуш | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 18:00 | Ленин а.о.м. |
10 | Борбор | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 18:00 | №32 көп кабаттуу үйдун алдында |
11 | Калма-Кыя | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. |
12 | Таштак | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | А.Навой а.о.м. |
13 | Пайзабад | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | К. Датка а.о.м. |
14 | Кайрагач | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | Ч.Айтматов а.о.м. |
15 | Төрт-Көчө | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | С.Шарипов а.о.м. |
16 | Жаныбек Казы | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 16:30 | Манас- 197 үйдүн жаны |
17 | Жаңы-Өзгөн | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 17:00 | Кубаныч үйүнүн жанында |
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы кезектеги I уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
3- тиркемеси
Өзгөн шаарынын жергиликтүү курултайына
сунушталуучу делегаттардын өкүлчүлүк нормасы
Өзгөн шаарындагы ар бир Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогору жашоочулардын жалпы саны 1500 адамга чейин болсо, 120 адамга 1 делегат, эгерде Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы жашоочулардын жалпы саны 1500 адамдан ашса, 190 адамга 1 делегат сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы кезектеги I уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
4-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | Чогулуш өтүүчү жай | Жооптуу депутаттардын Ф.А.Ж. |
1 | Жаңы-Хаят
| 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы | Й.Имьяминов Н.Юлдашев К.Кадыркулов И.Таджибаев |
2 | Сараксий | |||
3 | Үч-Дөбө | |||
4 | Шарк | |||
5 | Кылыч-Бурхан | |||
6 | Гузар | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 11:30 | №7 Мектеп гимназия. | А.Талипов М.Абдукаимова М.Рызакулов |
7 | Гузар-1 | |||
8 | Мажирим-Тал | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 10:00 | А.Темур а.о.м. | М.Рызакулов М.Абдурахманов |
9 | Жаңы-Турмуш | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 18:00 | Ленин а.о.м. | Х.О.Абдурахманов М.Мирзакаримов |
10 | Борбор | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 18:00 | №32 көп кабаттуу үйдун алдында | Ч.Калматов И.Таджибаев Ф.Чакаева |
11 | Калма-Кыя | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. | У.Шамуратов М.Абдурахманов |
12 | Таштак | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | А.Навой а.о.м. | С.Маматкасимов А.Мамазаитов |
13 | Пайзабад | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | К. Датка а.о.м. | Т.Абдукаримов |
14 | Кайрагач | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | Ч.Айтматов а.о.м. | Н.Шамаматов |
15 | Төрт-Көчө | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | С.Шарипов а.о.м. | Садыкжан уулу М. Х.Н.Абдурахманов |
16 | Жаныбек Казы | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 16:30 | Манас- 197 үйдүн жаны | А.Кадырова |
17 | Жаңы-Өзгөн | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 17:00 | Кубаныч үйүнүн жанында | У.Чолуков |
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы кезектеги I уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
5-тиркемеси
МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | 18 жаштан жогору жашоочулардын саны |
Бөлүнгөн квота |
1 | Жаңы-Хаят
| 2024-жылдын 4 -декабрь күнү Саат 14:30 | 1200 | 10 |
2 | Сараксий | 2689 | 14 | |
3 | Үч-Дөбө | 2691 | 14 | |
4 | Шарк | 2163 | 11 | |
5 | Кылыч-Бурхан | 1848 | 10 | |
6 | Гузар | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 11:30 | 1698 | 9 |
7 | Гузар-1 | 1560 | 8 | |
8 | Мажирим-Тал | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 10:00 | 2516 | 13 |
9 | Жаңы-Турмуш | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 18:00 | 1753 | 9 |
10 | Борбор | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 18:00 | 620 | 7 |
11 | Калма-Кыя | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 10:00 | 2345 | 12 |
12 | Таштак | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | 3389 | 18 |
13 | Пайзабад | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | 3402 | 18 |
14 | Кайрагач | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | 2477 | 13 |
15 | Төрт-Көчө | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | 2672 | 14 |
16 | Жаныбек Казы | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 16:30 | 1130 | 9 |
17 | Жаңы-Өзгөн | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 17:00 | 1261 | 11 |
Жалпы: | 34494 | 200 | ||
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов