Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын отуруму
2024-жылдын 19-декабры № 2/4
Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетине
тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө 4000,0 миң сом атайын каражаттар планына тактоо киргизилгендиги эске алынсын.
2. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки мекемелеринин 2024-жылга карата тамак ашына бекитилген акча каражатынан үнөмдөлгөн 1207,1 миң сом жана Өзгөн шаардык спорт мектебинен үнөмдөлгөн 224,6 миң сом каражаттар Өзгөн шаарынын бюджеттик мекемелеринин 2024-жылга карата сметасына 1-тиркемеге ылайык 1431,7 миң сом каржылоого макулдук берилсин
3. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки мекемелеринин керектөөлөрүнө атайын каражаттардын эсебинен 4000,0 мин сом каржылоого макулдук берилсин.
4. Өзгөн шаарында 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен 2-тиркемеге ылайык 9200,0 миң сом кыскартып, 3-тиркемеге ылайык сунушталган иштерге жылдырууга макулдук берилсин.
5. Өзгөн Жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасы тарабынан үнөмдөлгө 450,5 миң сом каражаты: Өзгөн райондук салык кызматы тарабынан 17 МАБга салынган штрафты төлөөгө 190,0 миң сом, 2024-жылда дем берүүчү гранттын негизинде аткарылган 3 долбоорду техникалык көзөмөл кызмат акысына 60,0 миң сом жана Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишканасына кезектеги кредитти төлөөгө 200,5 миң сом каржылоого макулдук берилсин.
6. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинен үнөмдөлгөн 552,4 миң сом: МММБ департаментине светофорлорго запастык бөлүктөрдү алууга 252,4 миң сом жана Өзгөн Таза Суу муниицпалдык ишканасынын кезектеги кредитин төлөөгө 300,0 миң сом каржылоого макулдук берилсин.
7. Максаттуу трансферт катары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча такталган 881,7 миң сом акча каражаты: Өзгөн шаарынын резервдик фондуна 20,7 миң сом, “Өзгөн жылуулук” муниципалдык ишканасына субсидия катары 861,0 миң сом берүүгө макулдук берилсин.
8. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
9. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жана мийзам чегинде каржылоо жагы Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовге милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |
1-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 19- декабрындагы кезексиз II сессиясынын №2/4 токтому менен бекитилди
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 2-жарым жылында ашыкча аткарылышынын эсебинен бюджеттик мекемелердин сметасына бөлүнгөн кошумча каражаттар
№ |
Аталышы | Керектелүүчү сумма (миң сом) | эскертүү |
| “Жашылдандыруу чарбасы” МИ | ||
1 | Кыш мезгилине атайын техниканы даярдоо жана күйүүчү май сатып алууга | 500,0 |
|
| “Өзгөн Тазалык” МИ |
| |
1 | Субсидия | 128,1 |
|
| Өзгөн шаардык мэриясы |
|
|
1 | Жыйындар залына микрофон орнотууга | 150,0 |
|
2 | Коммуналдык төлөм (жылуулук үчүн) | 200,0 |
|
3 | Сапар чыгымдары | 229,0 |
|
4 | Курултай жана жаңы жылдык иш чарага (мэрдин резервдик фондуна) | 224,6 |
|
| Жыйынтыгы | 803,6 |
|
| Жалпысы | 1431,7 |
|
Өзгөн шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы: Н.Жолдошов
2-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024- жылдын 19-декабрындагы кезексиз II сессиясынын
№ 2/4 токтому менен бекитилди
2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен кыскарган иштердин тизмеси
№ | Аткарылуучу иштер | Суммасы (миң сом) |
|
1 | Манас, Ленин көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол (тротуар) | 2000,0 |
|
2 | Таштак спорт клубун оңдоо иштери | 2700,0 |
|
3 | С.Шарипов атындагы орто мектебине ашкана куруу | 4500,0 |
|
| Жыйынтыгы | 9200,0 |
|
Өзгөн шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы: Н.Жолдошов
3-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024- жылдын 19-декабрындагы кезексиз II сессиясынын №2/4 токтому менен бекитилди
Өзгөн шаарында 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен кыскартылып, багыты өзгөргөн иштердин тизмеси
№ | Аткарылуучу иштер | Суммасы (миң сом) |
|
1 | Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына субсидия | 2067,0 |
|
2 | Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишкнасына кезектеги кредитти төлөөгө | 7133,0 |
|
| Жыйынтыгы | 9200,0 |
|
Өзгөн шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы: Н.Жолдошов