Редакцияот 10.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 10-июну № 115

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 181-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "баңги зат каражаттарын" деген сөздөр "күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 287-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмуундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу, -".

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699)  жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган

 

2025-жылдын 30-апрелинде