Редакцияот 16.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

2025-жылдын 21-майы  №87                                                                     

 

 

Дөӊ-Талаа айылындагы “Гараж жана Эгин кампа” участкасынын, жалпы аянты  5,0 га жер аянтын  Ак-Терек айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө

        

         

           Ак-Терек айыл аймагынын Дөӊ-Талаа айылынын тургуну Бозгунчиев Урматтын арызынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

 

1. Дөӊ-Талаа айылындагы “Гараж жана Эгин кампа”  участкасынын, жалпы аянты  5,0 га жер аянтын  Ак-Терек айыл өкмөтүнүн балансына алуугамакулдук берилсин.

 

2. Токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын  жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу  комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                  А.А. Мамбетов