Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-майы № 290
Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 132 "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) ушул токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобого ылайык 2025-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөөнү жүргүзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар айлык акчалай компенсацияларды зарыл болгон көлөмдө өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобого ылайык ай сайын акчалай компенсацияларды алууга укуктуу адамдар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча ишти жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча):
1) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен эмгекке жарамсыз жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүн көрсөтсүн;
2) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен калктын аялуу катмарларына акчалай компенсацияларды же турак жай субсидияларын берүү жолу менен, айрыкча жаратылыш газы жана жылуулук энергиясы үчүн акы төлөөдө социалдык колдоо көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-7, 15, 17-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 420 "1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Компенсацияга укуктуу жарандардын категориялары | Айына акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары | 10000 |
2 | Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары | 10000 |
3 | Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары | 10000 |
4 | "За оборону Ленинграда" медалы жана/же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар | 10000 |
5 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып-аскер кызматчылары | 10000 |
6 | СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары | 10000 |
7 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары | 8000 |
8 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар | 10000 |
9 | 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар | 3500 |
10 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар | 2000 |
11 | Саясий жана/же диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен реабилитацияланган жарандар | 1500 |
12 | 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар | 2000 |
13 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү | 1500 |
14 | Чернобыль катастрофасынын натыйжасында радиациялык таасирге дуушар болгон ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тубаса оорулары же өрчүгөн аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары | 1500 |
15 | Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу жок адамдар | 1000 |
16 | Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1500 |
17 | Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1500 |
18 | Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү | 1000 |
19 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1500 |
20 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1500 |
21 | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | 1000 |
22 | Бала кезинен көрүүсү боюнча (биринчи жана экинчи топтогу) жана угуусу боюнча (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук адамдар) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 1000 |
23 | 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары | 1000 |