Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы N 88 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналган, телекоммуникацияларды тармактык жөнгө салуучунун жана почта байланышын жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу Кызматтын ишин жөнгө салат.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
4. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринен башка кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Кызматтын ишине контролду Министрлик жүзөгө ашырат.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат";
- расмий тилде: "Служба по регулированию и надзору в отрасли связи при Министерстве цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БТЖКК";
- расмий тилде: "СРНОС".
7. Кызматтын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
2-глава. Кызматтын максаты
8. Кызматтын максаты Кыргыз Республикасында телекоммуникация жана почта инфраструктурасын жана сервистерди туруктуу, атаандаштык жана инклюзивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3-глава. Кызматтын милдеттери
9. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ак ниет атаандаштыктын негизинде сапаттуу, тең жеткиликтүү жана коопсуз телекоммуникациялык сервистерге жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө колдонуучулардын жетүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
2) инновацияларды, инвестицияларды жана жаңы технологияларды жана жаңы муундагы телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде спутниктик телекоммуникацияларды өнүктүрүүгө дем берүү үчүн шарттарды түзүү;
3) Эл аралык электр байланыш бирлигинин принциптерине жана сунуштамаларына ылайык Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;
4) ак ниет атаандаштыкты, басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү жана телекоммуникациялар жана почта байланышы рыногунун туруктуулугун өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
5) ачыктык, технологиялык бейтараптуулук жана санариптик телекоммуникациялык инфраструктуранын жана сервистердин инклюзивдүүлүк принциптеринин негизинде экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана коомду санариптик трансформациялоого көмөктөшүү;
6) радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу.
4-глава. Кызматтын функциялары
10. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча:
- Кыргыз Республикасында телекоммуникацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана пландарын ишке ашырат;
- телекоммуникациялар чөйрөсүндө эл аралык ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясынын функцияларын аткарат;
- телекоммуникациялардын операторлорунун жана почта байланышынын операторлорунун иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды чогултууну уюштурат;
- телекоммуникациялар жана почта байланышы чөйрөсүндө лицензиялоочу органдын функцияларын аткарат, тиешелүү санариптик реестрлерди жүргүзөт;
- Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык радиожыштыктарды (радиожыштык тилкелерин/номиналдарын) бөлүп берет, ыйгарат;
- зарыл учурларда Кыргыз Республикасынын радиожыштык ыйгарууларын эл аралык таанууну аларды Радиожыштыктын эл аралык маалымдама регистрине киргизүү боюнча чараларды көрүү жолу менен оң корутунду менен камсыз кылат;
- Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радиобайланыш бюросунун жыштыктары боюнча эл аралык маалыматтык циркулярларды талдоо жана Радио байланыш регламентине же радиожыштык спектрин пайдалануу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык тоскоолдуктарды болтурбоо боюнча чараларды көрүү жолу менен башка өлкөлөрдүн радиоэлектрондук каражаттарынын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн ээлери тарабынан түзүлгөн зыяндуу тоскоолдуктардан радиожыштык ыйгарууларды коргойт, эгерде булар бар болсо;
- Кыргыз Республикасынын радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн эл аралык таблицасы менен шайкеш келтирет;
- Номерлештирүүнүн улуттук планын эл аралык уюмдардын чечимдери менен шайкеш келтирет, номерлештирүүнүн улуттук ресурсун башкарууну, анын ичинде аны бөлүштүрүүнү, эсепке алууну, кайра жол-жоболоштурууну жүзөгө ашырат;
- телекоммуникациялар чөйрөсүндө атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн монополияга каршы мыйзамдарда каралган чараларды көрөт, анын ичинде табигый монополиялардын субъекттеринин бааларын (тарифтерин) жөнгө салат, анын ичинде аларды белгилейт, кайра карайт же бекитет;
- телекоммуникациялардын жана почта байланышынын бардык операторлорунун ортосунда эркин атаандаштыкты колдойт, Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялар жана почта байланышы рыногуна экономикалык талдоо жана болжолдоо жүргүзөт;
- аккредитациялоо жаатына ылайык байланыштын техникалык каражаттарынын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоону жүргүзөт;
- берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- жарандык багыттагы радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берет;
- стандартташтыруу жана аны ишке ашыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын түзүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат, техникалык регламенттерди иштеп чыгууга жана техникалык регламенттерге стандарттардын тизмектерин актуалдаштырууга катышат;
- телекоммуникациялар операторлорунун телекоммуникациялык тармактарынын санариптик туруктуулугуна баалоо жүргүзөт жана анын натыйжаларын жарыялайт;
- радиожыштыктарды пайдалануунун жалпы өлчөөлөрүн жүргүзүү, берилүүчү радиосигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүү, тоскоолдуктарды, санкцияланбаган радиоберүүчүлөрдү жана жогорку жыштыктагы электромагниттик нурлануу булактарын табуу жана таануу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында радиоконтролдун мамлекеттик системасын түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында радио тоскоолдуктарды же санкцияланбаган сигналдарды аныктайт жана четтетет, башка мамлекеттердин радио электрондук каражаттарынын Кыргыз Республикасынын телекоммуникация операторлорунун радио электрондук каражаттарына тоскоолдук кылуучу таасирин четтетүүгө багытталган башка мамлекеттердин телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- керектүү документтерди даярдоону жүзөгө ашырат, Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссияга уюштуруучулук, методикалык жана башка жардам көрсөтөт;
2) координациялоо жана контролдоо боюнча:
- телекоммуникациялардын жабдууларын жана техникалык каражаттарын өндүрүүдө, эксплуатациялоодо шайкештикти ырастоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын аймагына радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, радиожыштыкты нурландыруучу же электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган техникалык каражаттарды алып келүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылат;
- радио каражаттар орнотулган жерлерде радио электрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерине лицензиялык контролду жүргүзөт;
- салыктык эмес кирешелердин төлөнүшүн эсепке алууну жана контролдоону, аныкталган бузууларды четтетүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- телекоммуникациялар жана почта байланышы жаатындагы мыйзамдардын сакталышына лицензиялык контролду жүзөгө ашырат;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде эл аралык суроо-талаптардын негизинде почта байланышы ишканаларынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- улуттук коопсуздуктун, коргонуунун, укук тартибин сактоонун кызыкчылыктарында жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялар операторлоруна, почта байланышынын операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматына жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат;
- радиожыштык ресурсундагы жана номерлештирүү реестриндеги жазуунун принципалдарынын ишинин мындай жазуулардын шарттарына ылайык келүүсүнө мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
- финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугуна жана ички контролдун системасынын эффективдүүлүгүнө баалоо жүргүзөт, Кызматтын компетенциясынын чегинде баалоонун натыйжаларына сунуштамаларды иштеп чыгат;
3) өнүктүрүү жана эл аралык кызматташуу боюнча:
- телекоммуникациялар чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жана башка адамдарды окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун методикаларын иштеп чыгууга катышат;
- Радиобайланыш регламентинин же радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде бөлүнгөн радиожыштыктарды жана жыштык ыйгарууларды координациялоо жана (же) өз ара таануу чөйрөсүндө башка өлкөлөрдүн байланыш администрациялары менен кызматташат;
- телекоммуникациялар чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- телекоммуникациялар чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу телекоммуникациялык тармактын жана илимий-билим берүү уюмдарынын адистеринин Эл аралык электр байланыш бирлигинин конференцияларынын жана изилдөө комиссияларынын ишине катышуусун камсыз кылат;
- жаңы телекоммуникациялык технологияларды, жаңы муундагы телекоммуникациялык тармактарды, спутниктик телекоммуникацияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт;
- телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдү, инновациялык чечимдерди жана пилоттук долбоорлорду өнүктүрүүнү колдойт;
- кирешелердин жана чыгымдардын сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, Кызматтын ишин каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджетти аткарууну уюштурат;
- Кызматтын карамагына берилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарууну, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат;
- объекттердин иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- телекоммуникациялар, мыйзамдарда белгиленген тартипте телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү өзүн-өзү жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенет;
4) төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт:
- номерлештирүү ресурсун бөлүп берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу;
- телекоммуникациялык жабдууларга, ошондой эле байланыштын башка техникалык каражаттарына, радиожыштык нурлануусун берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган жарандык багыттагы түзүлүштөргө шайкештик сертификаттарын берүү/декларацияларды каттоо.
11. Кызмат Кызматтын компетенциясына кирген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
5-глава. Кызматтын укуктары жана милдеттери
12. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке жана юридикалык жактардан өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде мамлекеттик сырларга же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырга таандык маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
2) телекоммуникациялардын операторлорунан, почта байланыш операторлорунан лицензиялык талаптарды сактоо боюнча чараларды көрүүнү талап кылууга;
3) телекоммуникациялардын операторлорунун же телекоммуникациялык сервистерди пайдалануучулардын, почта байланышынын операторлорунун, ошондой эле радиожыштык ресурсундагы жана номерлештирүү ресурсундагы жазуу принципалдарынын укуктарын коргоо, анын ичинде адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын коргоо үчүн доо арыздары менен сотко кайрылууга жана сотто көрсөтүлгөн жактардын кызыкчылыктарын коргоого;
4) телекоммуникациялар жана почта байланышы чөйрөсүндөгү кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иштерин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды ырааттуулугуна жараша укук коргоо органдарына жиберүүгө;
5) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды Министрлик аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин жоболорунун бузулушуна күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга;
7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан телекоммуникациялык тармактар менен өтүү жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну жүргүзүүгө;
8) монополист ишканалардын телекоммуникациялар жана почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Министрлик менен макулдашуу боюнча бекитүүгө;
9) милдеттүү сертификациялоо формасында Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары, ЕАЭБдин техникалык регламенттери боюнча шайкештикти ырастоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу жол-жобосун белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
10) белгиленген тартипте жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө, аларга катышууга адистерди тартууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде башка өлкөлөрдүн телекоммуникациялары жаатында эл аралык уюмдар жана жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
12) радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө жана жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорун берүүгө;
13) Кызматтын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн санариптик технологиялык системаларды, санариптик ресурстарды, реестрлерди, техникалык чечимдерди киргизүүгө жана колдоого;
14) телекоммуникациялардын операторлорун жана почта байланышынын операторлорун тармактар аралык кошулуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тартипте кароого;
15) Кызматтын иши жөнүндө маалыматты чагылдырууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
16) телекоммуникациялык чөйрө үчүн окуу борборун түзүүгө жана анын ишин камсыз кылууга, акы төлөнүүчү же гранттык негизде атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен билим берүүчү жана агартуучу иш-чараларды, илимий изилдөөлөрдү жана практикалык иштеп чыгууларды жүргүзүүгө;
17) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тартипте эксперттик кеңешти түзүүгө;
18) Кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, социалдык муктаждыктарга, кызматкерлерге материалдык дем берүүгө, эксперттерди тартууга жана Кызматтын иши менен байланышкан башка максаттарга, ошондой эле жамааттык келишимди камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте атайын каражаттарды, бюджеттен тышкаркы каражаттарды (гранттарды, фонддорду) пайдаланууга, ошондой эле Кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоого;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
13. Кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) радиожыштык ресурсун жана номерлештирүү ресурсун пайдалануунун лицензиялык талаптарынын жана шарттарынын сакталышын камсыз кылууга;
2) телекоммуникациялар операторлорунун, почта байланышынын операторлорунун жана радиожыштык ресурсундагы жана номерлештирүү ресурсундагы жазуулардын принципалдарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин жоболорунун сакталышын дайыма текшерип туруу жана текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди чыгарууга;
3) Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылууга;
4) улуттук коопсуздуктун, коргонуунун, укук тартибин сактоонун кызыкчылыктарында жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялардын операторлоруна жана почта байланышынын операторлоруна жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга;
5) телекоммуникациялардын операторлорунун жана алардын телекоммуникациялык сервистерин пайдалануучулардын, почта байланышынын операторлорунун даттанууларын жана кайрылууларын кароого жана аларды кароонун натыйжалары боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди кабыл алууга;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде юридикалык жана жеке жактарга консультация берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин жана ага ылайык кабыл алынган телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды колдонуу маселелери боюнча жеке жактардын жана уюмдардын суроо-талабы боюнча мындай түшүндүрмөлөрдү өзүнүн сайтында жарыялоо менен түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
8) телекоммуникацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга жана жарыялоого, телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин типтүү формаларын иштеп чыгууга жана жарыялоого;
9) телекоммуникациялар жана почта байланыш тармактарынын абалы, өзүнүн чечимдери, кадрдык жана финансылык ресурстары, алардын көлөмдөрү жана колдонулушу, пландалган иш-аракеттер жана чаралар, телекоммуникациялык тармактардын санариптик туруктуулугуна баа берүүнүн натыйжалары жөнүндө ар жылдык отчетту өзүнүн расмий сайтында жарыялоого;
10) оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
11) бардык иштегендер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
12) түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга;
13) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кызматтын компетенциясына кирген башка милдеттерди аткарууга.
6-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
14. Кызматты төрага жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана министрге түздөн-түз баш иет. Кызматтын төрагасы Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп саналат.
15. Кызматтын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү квалификацияга, тажрыйбага жана билимге ээ болууга тийиш.
16. Кызматта төраганын орун басарынын кызмат орду каралган, ал министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушусуз төраганы, төраганын орун басарын бошотууга укуктуу.
17. Төраганын жана анын орун басарынын функциялык милдеттери министр тарабынан бекитилет.
18. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте төрага тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбаган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте төрага тарабынан кызмат ордуна кабыл алынат жана кызмат ордунан бошотулат.
20. Кызматтын түзүмү жана штаттык расписаниеси белгиленген штаттык сандын чегинде министр менен макулдашуу боюнча төрага тарабынан бекитилет.
21. Кызматтын төрагасы:
1) Кызматтын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) финансы каражаттарын тескөөчү болуп саналат;
3) Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Кызматтын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
4) Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын чыгымдарынын жана кирешелеринин сметасын бекитет;
5) Кызматтын иши жөнүндө Министрликтин алдында отчет берет;
6) мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын административдик мамлекеттик кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды бекитет;
7) Кызматтын ички иш тартибин, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин бекитет;
8) сот жана башка мамлекеттик органдарда Кызматтын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды белгиленген тартипте берет;
9) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Кызматтын кызыкчылыктарын коргойт;
10) Министрликке белгиленген тартипте Кызматтын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кызматтын жана Министрликтин ведомстволук сыйлыктары, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;
11) Кызматтын кызматкерлерине карата мыйзамда белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
12) Кызматтын системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды чыгарат, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
13) кол алдындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышына, кызматтык тартиптин абалына үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу жоопкерчилик тартат;
14) Кызматтын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
22. Кызматтын төрагасы жана төраганын орун басары Кыргыз Республикасындагы байланыш боюнча мамлекеттик улук инспекторлор болуп саналат.
23. Кызматтын кызматкерлери аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
7-глава. Кызматтын мүлкү
24. Кызматтын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат, аны ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Кызматтын ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын, анын ичинде атайын эсептерде топтолгон каражаттардын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын.
26. Каражаттарды сарптоо Кызматтын төрагасы бекиткен сметанын негизинде, ошондой эле учурдагы финансылык жылга каралган чектерде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Кызмат белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчеттуулугун жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулуктун маалыматтарын даярдоону жана тиешелүү органдарга берүүнү камсыз кылат.
8-глава. Корутунду жоболор
28. Кызматты кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
29. Кызматтын иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.".