Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

3-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын (мындан ары - Кызмат) ишин регламенттейт, ал Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

Кызмат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.

2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Кызмат өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.

4. Кызматтын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерден тышкары, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.

5. Кызматтын ишин Министрлик контролдойт.

6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат";

- расмий тилде: "Служба по регулированию и надзору в отрасли связи при Министерстве цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "БТЖКК";

- расмий тилде: "СРНОС".

7. Кызматтын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.

2-глава. Кызматтын максаты

8. Кызматтын максаты маалыматтарды берүүнүн заманбап жогорку технологиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук тармагын түзүү жана улуттук тармакты жалпы дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.

3-глава. Кызматтын милдеттери

9. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланышы кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуу;

2) радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;

3) байланыш тармактарын жана системаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

4) жарандардын жана башка керектөөчүлөрдүн байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

5) Кыргыз Республикасынын аймагында спутник технологияларын өнүктүрүү жана пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.

4-глава. Кызматтын функциялары

10. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциясы:

- электр байланыш операторлорунун жалпы пайдалануудагы тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануунун шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы радио контролдоонун техникалык каражаттарынын өз ара байланышкан системасы болуп саналган жана жыштыктардын каналдарын жана тилкелерин пайдаланууга жалпы ченөөлөрдү, берилүүчү радио сигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, санкцияланбаган радио берүүчүлөрдү жана жогорку жыштыктагы электр магниттик нурлануу булактарын, радио тоскоолдуктарды аныктоого жана таанууга, радио жыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик радиоконтролдоо системасын түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;

- Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык номиналдарды, радио жыштык тилкелерин бөлүп берет/ыйгарат;

- Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын Кызматтын компетенциясына кирген чечимдерин ишке ашырат жана аткарылышын контролдойт;

- Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарына ылайык пайдалануучуларга мурда бөлүп берилген каналдарды, номиналдарды, радио жыштык тилкелерин өзгөртөт, модификациялайт, кайра бөлүштүрөт;

- радио тоскоолдуктарды же санкцияланбаган сигналдарды аныктайт жана четтетет, пайдалануучуларга кандай болбосун радио тоскоолдуктарды азайтуу жана блоктоо боюнча талаптарды коёт;

- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы мыйзамдарына ылайык лицензиялоону жүзөгө ашырат жана берилген лицензиялардын жана уруксаттардын тиешелүү реестрлерин жүргүзөт;

- радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө жыштык ыйгарууларды эл аралык укуктук коргоону жүзөгө ашырат;

- радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берет;

- Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;

- байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына шайкештик сертификаттарынын реестрин түзөт жана жүргүзөт;

- номерлөө ресурсун эсепке алуу боюнча иштерди уюштурат, аны пайдалануу боюнча базаны түзөт жана жүргүзөт;

- керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын жана топторунун ортосунда кайчылаш субсидиялоого жол бербөө маселеси боюнча талдоо жүргүзөт жана байланыш тармагында аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- электр жана почта байланышынын бардык операторлорунун, электр байланыш кызматтарынын жана почта байланышы ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт;

- Кыргыз Республикасынын байланыш рыногуна экономикалык талдоо жана болжолдоо жүргүзөт;

- Министрликке спутник технологияларын жана байланыш кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет

- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын ишине текшерүү жүргүзөт;

2) координациялоо жана контролдоо функциясы:

- байланыш жабдууларын жана техникалык каражаттарын өндүрүүдө, эксплуатациялоодо шайкештикти ырастоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылат;

- радио жыштык нурланууну берген же электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган радио электрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү регламенттөөчү мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылат;

- радио каражаттары орнотулган жерлерде радио электрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерин контролдойт;

- салыктык эмес кирешелердин төлөнүшүн, аныкталган бузуулардын жоюлушун контролдойт жана эсепке алууну жүргүзөт, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча төлөөчүлөрдү текшерүү жүргүзөт;

- байланыш жаатындагы мыйзамдардын сакталышына лицензиялык контроль жүргүзөт;

- улуттук коопсуздуктун, коргоонун, укуктук тартиптин кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;

3) колдоо функциясы:

- байланыш жана маалыматташтыруу, электрондук башкаруу жана спутник технологияларын өнүктүрүү чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;

- кирешелер, чыгашалар сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, республикалык бюджетти каржылоо бөлүгүндө аткарууну уюштурат;

- Кызматтын карамагына таандык болгон мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;

- байланыш объекттеринин иштөөсү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;

- ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, баалоонун жыйынтыгы боюнча Кызматтын компетенциясынын чегинде сунуштамаларды иштеп чыгат;

- электр жана почта байланышы жаатындагы стандартташтыруу боюнча, ошондой эле радио жыштык нурланууну берген же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундарынын булагы болуп саналган техникалык каражаттар үчүн техникалык регламенттерди жана документтерди иштеп чыгууга жана экспертиза жүргүзүүгө катышат;

- спутник технологияларын өнүктүрүү, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдалануу жаатында жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана Министрликтин кароосуна киргизет;

- спутник технологияларын өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык программаларга, форумдарга катышат;

- спутник технологияларынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын, ведомстволордун, илимий мекемелердин жана башка укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

- спутник технологияларын өнүктүрүү жана пайдалануу жаатында адистерди даярдоо боюнча программаларга колдоо көрсөтөт;

4) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциясы:

- улуттук номерлөө ресурсун бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат;

- байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радио жыштык нурланууну берген же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификаттарын берет;

- бөлүп берүү үчүн жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалыматтарды берет.

11. Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кызматтын компетенциясына кирген башка функцияларды жүзөгө ашырат.

5-глава. Кызматтын укуктары

12. Кызмат төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) лицензияларды жана уруксаттарды берүүгө, кайра тариздөөгө, токтото турууга, кайра улантууга, токтотууга, жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына жөнөтүүгө;

2) байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына шайкештик сертификаттарын берүүгө;

3) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрин жүргүзүүгө;

4) бөлүп берүү үчүн жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалыматтарды берүүгө;

5) байланыш линияларынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүсү жөнүндө маалыматтарды түзүүгө жана эсепке алууга;

6) жарандык багыттагы радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, анын ичинде башка товарларга кошулгандарды же курамына киргизилгендерди импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берүүгө жана алар боюнча реестр түзүүгө;

7) өз компетенциясынын алкагында юридикалык жана жеке жактарга консультацияларды берүүгө;

8) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана Министрлик менен макулдашуу боюнча монополист ишканалардын электр жана почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн бекитүүгө;

9) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары, милдеттүү сертификаттоо формасындагы ЕАЭБдин Техникалык регламенти боюнча шайкештикти ырастоону, ошондой эле байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган шайкештикти ырастоочу жыйынтыктарды таануу жол-жобосун жүргүзүүгө;

10) Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлөөнүн улуттук системасына жана планына ылайык номерлөө ресурсун бөлүп берүүнү, кайра тариздөөнү жана алып коюуну жүзөгө ашырууга;

11) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы радио жыштык спектрине белгиленген тартипте радиомониторинг (радиоконтролдоо) жүргүзүүгө;

12) электр жана почта байланышы операторлорунан алардын катышуучуларынын/уюштуруучуларынын курамы (аты-жөнү, жашаган жери, уставдык капиталдагы үлүшү) жөнүндө маалыматтарды, уставдарын, инвестициялардын долбоорлорун, бизнес-пландарын, анын ичинде байланыштын магистралдык тармактарын андан ары өнүктүрүү боюнча пландарды, иши жөнүндө учурдагы отчетторун суроого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчетторду берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн белгилөөгө, ошондой эле Кызматка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды суроого;

13) байланыш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, эл аралык келишимдердин долбоорлорун макулдашууга катышууга;

14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын алкагында протоколдорду түзүүгө жана бузуулар жөнүндө иштерди кароого;

15) өзүнүн компетенциясынын алкагында байланыш жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдардын сакталбагандыгы үчүн чара көрүү актыларын (жазма буйрук, эскертүү, токтом) чыгарууга;

16) берилген ыйгарым укуктарынын чегинде өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;

17) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Кызматка жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды суроого;

18) адистерди катышууга тартуу менен белгиленген тартипте убактылуу жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө;

19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн байланыш жаатындагы жөнгө салуучу органдары менен өз ара аракеттенүүгө;

20) радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө жана жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорун берүүгө;

21) Кызматтын маалыматтык системасын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Кызматтын бөлүмдөрүнүн ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди киргизүүгө жана колдоого;

22) электр байланышы операторлорунун жана кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын биргелешип пайдалануусу үчүн шарттарды жөнгө салууга;

23) электр байланышы операторлорунун, кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн, почта байланышы ишканаларынын жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын ортосунда пайда келип чыккан чыр-чатактарды жөнгө салуу, бейтарап кароо жана чечүү боюнча маселелерди кароого;

24) Кызматтын иши жөнүндө маалыматты чагылдырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө;

25) менчигинин түрүнө карабастан байланыш жаатындагы ишканалардын документтерине өз ыйгарым укуктарынын чегинде эркин жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;

26) Кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, кызматкерлердин социалдык муктаждыктарына, аларга материалдык дем берүүгө, эксперттерди тартууга жана Кызматтын ишине байланышкан башка максаттарга, ошондой эле жамааттык келишимди камсыздоо максатында мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түзүлгөн атайын каражаттарды жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды (гранттар, фонддор) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте пайдаланууга;

27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

13. Кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) оперативдүү башкаруу укугуна өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл чараларды көрүүгө;

2) бардык иштеп жаткандар үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;

3) түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга.

6-глава. Кызматтын ишин уюштуруу

14. Кызматты төрага башкарат, ал Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана түздөн-түз министрге баш иет.

15. Кызматта төраганын орун басарынын кызмат орду каралган, ал министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

16. Төраганын жана анын орун басарынын функциялык милдеттери министр тарабынан бекитилет.

17. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте төрага тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

18. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбаган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте төрага тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

19. Кызматтын түзүмү жана штаттык расписаниеси белгиленген штаттык санынын чегинде министр менен макулдашуу боюнча төрага тарабынан бекитилет.

20. Кызматтын төрагасы:

1) Кызматтын ишин жалпы жетектейт жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

2) Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Кызматтын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;

3) Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын чыгымдар жана кирешелер сметасын бекитет;

4) Министрликке Кызматтын иши тууралуу отчет берет;

5) Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптарды бекитет;

6) Кызматтын ички иш тартибин, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт;

7) сот жана башка мамлекеттик органдарда Кызматтын кызыкчылыктарын коргоого белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;

8) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Кызматтын кызыкчылыктарын коргойт;

9) Министрликке Кызматтын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кызматтын жана Министрликтин ведомстволук сыйлыктары, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтөт;

10) мыйзамда белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;

11) Кызматтын системасында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча буйруктарды жана башка актыларды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;

12) финансылык каражаттарды тескөөчү болуп саналат;

13) кол алдындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу жоопкерчилик тартат;

14) Кызматтын алдында коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

21. Кызматтын төрагасы жана төраганын орун басары Кыргыз Республикасындагы байланыш үчүн улук мамлекеттик инспекторлор болуп саналат.

22. Кызматтын кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурларда, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, кылмыш-жаза жоопкерчиликтерин тартат.

7-глава. Кызматтын мүлкү

23. Кызматтын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат, аны ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

24. Кызматтын ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:

1) республикалык бюджеттин каражаттарынын, анын ичинде атайын эсептерде топтолгон каражаттардын;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын.

25. Каражаттарды сарптоо Кызматтын төрагасы бекиткен сметалардын негизинде, ошондой эле учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык ишке ашырылат.

26. Кызмат белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчетун жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттордун маалыматтарын тийиштүү органдарга даярдоону жана берүүнү камсыз кылат.

8-глава. Корутунду жоболор

27. Кызматты кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

28. Кызматтын иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.