Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 4-июну ПЖ № 175
Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу (Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кошпогондо) саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга (мындан ары - кызматчылар) да алардын иши алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат деп белгиленсин.
Кызматчыларга карата "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ченемдерди колдонуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү ушул Жарлыкта аныкталат.
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) саясий мамлекеттик кызматка, атайын статусу бар мамлекеттик кызматка жана саясий муниципалдык кызматка кирүү Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана учурларда саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна жана саясий муниципалдык кызмат ордуна шайлоо же дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат;
2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси шайлануучу же өздөрү дайындоочу кызмат орундарына карата Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленгендерден башка квалификациялык талаптарды өз актылары менен белгилөөгө укуктуу;
3) кызматчылар Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тиешелүү ыйгарым укуктарга, милдеттерге жана укуктарга ээ;
4) кызматчылар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жетекчилер, кесиптештер, баш ийгендер жана жарандар тарабынан жеке кадыр-баркын сыйлоого, өзүнө карата адилеттүү жана сый-урматтуу мамилеге;
- белгиленген ыйгарым укуктарынын көлөмүндө тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан Конституциянын жана башка ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде кызматчылар кабыл алган чечимдердин аткарылышын талап кылууга;
- өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн окууга;
- эмгегинин натыйжаларына ылайык эмгек акысын өз убагында жана толук көлөмдө төлөтүп алууга;
- жумуш убактысынын чектүү узактыгын белгилөө, жумуш күнүнүн ичинде эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуулар, жума сайын дем алыш күндөрүн, жумуш эмес майрам күндөрүн берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;
- мыйзамда белгиленген тартипте ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөө менен узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүгө.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан 5, 10, 15 жана 20 жылдан көп иш стажы болгондо ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнүн узактыгы тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйтүлөт.
Каалоо боюнча өргүү бөлүп берилиши мүмкүн. Ошол эле учурда бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Өргүү бардык мезгилге же жарым-жартылай таризделгенине карабастан, акы төлөнүүчү өргүүнүн бардык суммасы өргүү таризделгенде төлөнөт.
Кызматчы анын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз өргүүдөн мөөнөтүнөн мурда чакыртылышы мүмкүн эмес. Өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрү үчүн компенсациялык сумма өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрүнө пропорциялуу төлөнөт;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга;
- мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган социалдык пакетти алууга;
- ден соолугу үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө;
- өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте өз каалоосу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошоого;
- кызмат ордуна дайындаган адам менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө. Ушундай ишти жүзөгө ашыруу аткарылуучу иштин санына жана сапатына таасирин тийгизбөөгө, ошондой эле кызматчынын иштеген жеринде кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышына жол бербөөгө тийиш;
- акцияларды, башка баалуу кагаздарды (катышуу үлүштөрүн, уюмдардын уставдык (топтоочу) капиталдарындагы пайларды) ишенимдүү башкарууга берүү менен аларга ээлик кылууга;
5) кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, кызматтык милдетин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттүү аткарууга;
- эмгек тартибин сактоого;
- жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөөгө;
- жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого, алар боюнча өз убагында жана объективдүү чечимдерди мыйзамдарга ылайык кабыл алууга;
- жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнө белгилүү болгон мыйзам бузуу фактылары жөнүндө дароо маалымдоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик квалификациянын деңгээлине ээ болууга;
- өз ишинде электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана инструментерин колдонууга;
- мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды мыйзамда белгиленген тартипте сактоого;
- кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;
- мүлккө жана менчикке аяр мамиле жасоону жана сакталышын камсыз кылууга;
- улуттук коопсуздукка, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө, аброюна жана кызыкчылыктарына тийиштүү маселелер боюнча жогору турган органдарды же кызмат адамдарын элдин алдында, өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда сынга алуудан алыс болууга;
- бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты активдүү колдоого жана аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
- маалыматтык мейкиндикте Кыргыз Республикасынын позитивдүү имиджин түзүүгө жана колдоого активдүү катышууга;
6) кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- саясий мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга -атайын мамлекеттик кызмат ордун, саясий муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө;
- атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга -саясий мамлекеттик кызмат ордун, саясий муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө;
- саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамга - саясий мамлекеттик кызмат ордун, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө;
- мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө;
- өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга (кызматчы анда болгон мүлктү ээликтен ажыратуу же ижарага берүү ишкердик иш болуп эсептелбейт);
- эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү өкүл же башка өкүл болууга;
- маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мүлктү кызматтык эмес максаттарга пайдаланууга;
- кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды (акчалай жана башка сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга байланыштуу алынган белектер тиешелүү түрдө мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп таанылат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте тиешелүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берилет;
- өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана диний уюмдарды түзүүгө, ошондой эле алардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөк көрсөтүүгө, кызматтык ишти партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө;
- аны менен жакын туугандык мамиледе болгон адамдардын ага түздөн-түз баш ийүүсүнө же контролдугуна же аны менен жакын туугандык мамиледе болгон адамдарга анын түздөн-түз баш ийүүсүнө же контролдугуна байланышкан кызматта болууга;
- өзүнүн кызматына байланыштуу ыйгарым укук берилбеген милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убадаларды берүүгө;
- кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар маселелерди чечүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тоскоолдук кылуучу иш таштоолорду, митингдерди жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, мыйзамга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды ачыкка чыгарууга же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда пайдаланууга;
- эгерде мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, камкорчулук же байкоочу кеңештердин башкаруу органдарынын, башка коммерциялык эмес уюмдардын башка органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан алардын бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;
- мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кызматтык иш сапарларга чыгууга;
- медиатор катары иш жүргүзүүгө;
- мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында турууга;
7) эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында башкача каралбаса, саясий мамлекеттик кызматка, атайын статусу бар мамлекеттик кызматка жана саясий муниципалдык кызматка кирген адамдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун башталышы болуп ал саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна жана саясий муниципалдык кызмат ордуна шайланган же дайындалган күн эсептелет;
8) жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы, эмгек тартибин, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарын, антты бузгандыгы, ошондой эле мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта болуу менен байланышкан мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн тиешелүү түрдө көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан кызмат ордуна дайындалган кызматчыларга мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн.
"Сөгүш", "катуу сөгүш" же "кызмат ордунан төмөндөтүү" түрүндөгү тартиптик жазаларды колдонууда кызматчыга карата дем берүүчү төлөмдөргө (сый акыларга) жана чет өлкөгө иш сапарларга чыгууга чектөөлөр колдонулат. Бул чектөөлөр тартиптик жаза жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, бир кварталдын ичинде колдонулат. Тартиптик жазалары жана чектөөлөрү башка кызмат ордуна өткөндө сакталат.
Тартиптик жаза колдонгон кызмат адамынын чечими менен чет өлкөгө иш сапарларга чыгууга чектөө Кыргыз Республикасынын расмий делегациясына катышуу, инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын имиджин жогорулатуу максатында чет өлкөгө чыгуу зарыл болгон учурларда токтотулуп турушу мүмкүн;
9) саясий мамлекеттик кызматка, атайын статусу бар мамлекеттик кызматка жана саясий муниципалдык кызматка кирген адам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте окуудан өтөт;
10) саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана учурларда токтотулат;
11) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адамды ээлеген саясий мамлекеттик кызмат ордунан, атайын мамлекеттик кызмат ордунан жана саясий муниципалдык кызмат ордунан бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген негиздерден тышкары, кызматчынын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана жүргүзүлүп жаткан саясатка ылайык келбеген учурда ал ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;
12) кылмыш жасагандыгына, анын ичинде кызматтык мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган кызматчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде мамлекеттик кызмат орундарын ээлей албайт;
13) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кызматчыларга саясий партиялардын, камкорчулук же байкоочу кеңештердин башкаруу органдарынын, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө тыюу салынат;
14) кызматчынын мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен эмгектик жана кызматтык мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк ишинде камтылат. Өздүк иш кызматчынын иштеген жери боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт. Кызматтык зарылчылыкка байланыштуу кызматчыны дайындоону (шайлоону) жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (кызмат адамынын) персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан да кызматчынын өздүк ишин бир убакта жүргүзүүгө жол берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында өздүк иш тиешелүү түзүмдүк бөлүм же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өздүк иштерди жүргүзүү жана сактоо тартиби, өздүк иштерге киргизилүүгө тийиш болгон маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк тартиби, кызмат өтөөнү эсепке алуу маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Төмөнкү адам кызматчы боло албайт:
1) ушул пункттун 2-пунктчасында каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
2) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-343-беренелеринде, 344-беренесинин 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 345-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 346-348-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
3) ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-343-беренелеринде, 344-беренесинин 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 345-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 346-348-беренелеринде каралган кылмыштар боюнча кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 9, 11-13-пункттарында каралган реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган;
4) башка мамлекеттин жарандыгы бар.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кызматчыларды башка жерге кызматка которууда аларга көчүп барууга жана жаңы жердеги убактылуу турак жайга чыгымдарды компенсациялоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт деп;
2) кызматчыларга кызматтык, анын ичинде чет өлкөлүк иш сапарларга чыгымдарынын ордун толтурууга кепилдик берилет. Кызматчыларга мыйзамдарда каралган башка компенсациялар, анын ичинде өзгөчө татаал шарттарда, жумуш эмес майрам жана дем алыш күндөрү иштегендиги үчүн акчалай сыйлыктар да жайылтылат деп;
3) кызматчылар медициналык камсыздандырылууга тийиш. Кызматчынын консультацияга, текшерүүгө, дарыланууга жана реабилитациялоого байланышкан бардык чыгымдары медициналык камсыздандыруунун чегинде компенсацияланууга тийиш деп;
4) кызматчы менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган шарттарда жана тартипте мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык тейлөөдөн пайдаланат деп;
5) кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде ооруп калган же эмгекке жарамдуулугун жоготкон учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик бюджеттин жана башка камсыздандыруу фонддорунун каражаттарынан милдеттүү камсыздандырылууга тийиш деп;
6) кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болуп калган учурда, ага беш жүз миң сом өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт деп;
7) кызматчы өлтүрүлгөн же кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген мертинүүгө байланыштуу каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө бир миллион сом өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт деп;
8) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоюлушуна, кайра уюштурулушуна же штатынын кыскарышына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, үч орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө компенсация алат. Ошол эле учурда башка ишке өткөн учурда компенсация төлөнбөйт, кызматчы бошотулгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта 3 айдын ичинде мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы төлөнөт деп;
9) каза болгон (курман болгон) кызматчыны же кызматын токтоткондон кийин каза болгон адамдын сөөгүн коюуда анын жубайына, жакын туугандарына, каза болгон адамдын мыйзамдуу өкүлүнө же анын сөөгүн коюу милдетин өзүнө алган башка адамга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө сөөк коюуга жөлөкпул берилет деп.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 86 "Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 86 "Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 06-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |