Редакцияот 16.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин

  XXXI чакырылышынын кезексиз XIII сессияСЫ

ТОКТОМ

2025-жылы 9-июнь № 31/13-1        

Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин 2025-жылдын 24-мартындагы №31/7-1 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” мыйзамынын 19-беренеси,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жѳнүндѳгү мыйзамдарынын негизинде Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 9-июнундагы №01-8/1168 сунуш катын карап чыгып, талкуулап, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,Чолпон-Ата  шаардык кеңеши,

Токтом кылат:

1. Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин 2025-жылдын 24-мартындагы №31/7-1 Токтомунун 1 пунктуна төмөндүгөдөй өзгөртүү киргизилсин:

-Чолпон-Ата шаарындагы Боконбаев №14 көчөсүндө жайгашкан 1,50га жер тилкесин 67,8гасына алмаштырылып,Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.

2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровго:

-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү мекеме ишканалардын кырдаалдык планынын кортундулардын негизинде, мыйзамга ылайык  иш алып баруу жагы тапшырылсын.

-Чолпон-Ата шаарындагы Боконбаев №14 көчөсүндө жайгашкан мүлкүнүн балансттык баасы, өткөрүп алуу актысы боюнча 20 күндүк мөөнөттө иш алып баруу жана маалымат берүү жагы тапшырылсын.

3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин  «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 Тѳрага                                                                              Э.Молдобеков