Редакцияот 16.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VI cессиясы

 

2025-жылдын 16-апрелиндеги  № 6/3

 

Ала-Буга айыл аймагынын “Шырдакбек 2003 СПА” Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 29-апрелиндеги  “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө”№ 207токтомунун негизинде, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө токтомунун негизинде 2025-жылдын                16-апрелинен баштап Ала-буга айыл аймагына караштуу “Шырдакбек-2003” суу пайдалануучулар ассоциациясы өз ишмердүүлүгүн токтотуп, белгиленген мөөнөтүнөн баштап Ак-Талаа суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу жагы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Тѳрага:

Бактыбай уулу Кубанычбек