Редакцияот 16.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VI cессиясы

 

2025-жылдын 16-апрелиндеги  № 6/5

 

Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 14-июнь 1993-жылдагы №10 буйругуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын    Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 14-июнь 1993-жылдагы №10 буйругу менен түзүлгѳн дыйкан чарба мүчѳсүнүн атасынын  атынын аталышына ѳзгѳртүү толуктоо киргизилип толукталсын.

2. Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 14-июнь 1993-жылдагы №10 буйругунда жер үлүштѳрдү бѳлүп берүү боюнча жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивдик №01-76/368/1 кѳчүрмѳсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн фамилияларынын аталышы боюнча 1967-жылы туулган Саргожоев Калдарбек Ɵмүржанович-Саргожоев Калдарбек деп туура эмес кѳрсѳтүлгѳн,атасынын аты,деген сѳздѳргѳ  толуктоо киргизүү иреетинде.Фамилиясы:боюнча Саргожоев Калдарбек Ɵмүржанович деген сѳздѳр менен атасынын атынын аталышына ѳзгѳртүү киргизилип толукталсын.

3. Токтомдун аткаруу жана ѳзгѳртүү киргизүү жагы Ала-Буга айылдык кеңештин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

     4. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Тѳрага:

Бактыбай уулу Кубанычбек