Редакцияот 16.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VI cессиясы

  

 

2025-жылдын 16-апрелиндеги  № 6/11

 

Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 11-март 1993-жылдагы №4 буйругуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 11-март 1993-жылдагы №4 буйругу менен түзүлгѳн дыйкан чарба мүчѳсүнүн атасынын  атынын аталышына ѳзгѳртүү толуктоо киргизилип толукталсын.

2.Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 11-март 1993-жылдагы №4 буйругунда жер үлүштѳрдү бѳлүп берүү боюнча жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивдик №01-76/640/2 кѳчүрмѳсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн №13 катар номериндеги,Ак-Талаа райондук мамлекеттик акимдигинин “8” апрель 1993-жылдагы №119-б буйругуна №2 тиркемесиндеги фамилиялсынын аталышы боюнча 1966-жылы туулган Комоков Аттокур Мурзабекович- Комоков Аттокур деп туура эмес кѳрсѳтүлгѳн,атасынын аты,деген сѳздѳргѳ  толуктоо киргизүү иреетинде.Фамилиясы:боюнча Комоков Аттокур Мурзабекович деген сѳздѳр менен атасынын атынын аталышына ѳзгѳртүү киргизилип толукталсын.

3.Токтомдун аткаруу жана ѳзгѳртүү киргизүү жагы Ала-Буга айылдык кеңештин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Тѳрага:

Бактыбай уулу Кубанычбек