Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-майы № 275
2024-жылдын 3-октябрында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аудиовизуалдык чыгармаларды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 3-октябрында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аудиовизуалдык чыгармаларды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги италия тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |