Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралы №3/8
Талды-Суу айылынын Ж.Жолоев атындагы борбордук көчөсүнүн оң жээгине жана Ж.Өмүрзаков көчөсүнүн сол жээгине жарыктандыруу зым тиректерин орнотуу жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Талды-Суу айылынын Ж.Жолоев көчөсунүн оң жээгиндеги жана Ж.Өмүрзаков көчөсүнүн сол жээгиндеги жалпы пайдалануудагы жер аянттарына Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана 32-беренесинин 4-пунктунун негизинде жарыктандыруу зым тиректерин орнотуу максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин III сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Талды-Суу айылынын Ж.Жолоев атындагы борбордук көчөсүнүн оң жээгине жана Ж.Өмүрзаков көчөсүнүн сол жээгине жалпы пайдалануудагы жер аянттарына жарыктандыруу зым тиректерин орнотууга уруксат берилсин.
2. Жарыктандыруу зым тиректерин орнотуу үчүн жер аянттарын аныктап берүү жагы Ат-башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын долбоорунун негизинде башкармалыктын адиси менен биргеликте иш жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |