Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралы №3/9
Өзгөрүш айылындагы Таш-Кыя участогунан жайыт жер аянтынан купка куруу үчүн жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Өзгөрүш айылынын айыл башчысы Н.Абдыкеримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин III сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Өзгөрүш айылынын Таш-Кыя участогунан жайыт жер аянтынан купка куруу үчүн 0,20 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Купка куруу үчүн айыл өкмөтүнөн тиешелүү иш кагаздар менен камсыз кылуу жана бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |