Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 312
Мамлекеттик мүлктү тескөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу тартибин, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 16-пунктта:
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) мамлекеттик ишкананын балансында турган аянты 1000 кв.метрден ашкан жай/имарат ижара объекти болуп саналса;";
төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) ижарага берүү жеке же юридикалык жакка, анын ичинде жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим же башка макулдашуу боюнча объектти мамлекеттин менчигине ыктыярдуу жана акысыз берген чет өлкөлүк жакка, ошондой эле мурдагы менчик ээсинин макулдашуусу же чечими боюнча объектти пайдаланган жакка жүзөгө ашырылат.";
- 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын:
"30-1. Ушул Жобонун 16-пунктунун 12-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар менен ижара келишимдеринде ижара мөөнөтүн кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен үч жылга чейин белгиленет. Ижара акысы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныкталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинде:
- 2-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык соттун айыптоо өкүмү жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документинин негизинде;";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу акысыз өткөрүп берүү жөнүндө жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде.";
- 7-пункттун экинчи абзацы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөрдөн кийин ", ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Объекттин бааланган наркы боюнча талаш-тартыш жагдайлар келип чыккан учурда баалоонун ишенимдүүлүгү Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу менен ырасталууга тийиш.
Корутунду чыгаруу Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызы боюнча келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.";
- 10-пункт, 14-пункттун 1, 5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Объекттин (лоттун) баштапкы наркы объекттин (лоттун) рыноктук наркынын өлчөмүндө Система тарабынан бекитилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
"16-1. Аукциондун кадамы Системада бекитилген суммада белгиленет жана тоорук учурунда өзгөртүлбөйт. Аукциондун кадамы объекттин (лоттун) баштапкы баасынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 10 миллион сомго чейин - 1 пайыз;
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 10 миллиондон 100 миллион сомго чейин - 0,5 пайыз;
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 100 миллиондон 1 миллиард сомго чейин - 0,2 пайыз;
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 1 миллиард сомдон жогору болсо - 0,1 пайыз.";
- 17-пунктта "жумуш" деген сөз алып салынсын;
- 20-1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-1. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электрондук соода аянтчасы аркылуу аукциондун катышуучуларын талаптагыдай кабарлоо менен аукциондон каалаган убакта баш тартууга укуктуу.";
- 21, 22-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Аукцион өткөн жок деп таанылган учурда объект (лот) Система тарабынан кайрадан аукционго коюлат. Кайталанган аукцион алгачкы аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып бешинчи күнү өткөрүлөт.
22. Кайталанган аукцион өткөн жок деп таанылган учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча объектти (лотту) өткөрүлбөгөн кайталанган аукциондун жалгыз катышуучусуна сатууга укуктуу.
Эгерде кайталанган аукционго катышууга бир дагы арыз берилбесе же объект (лот) жалгыз катышуучуга сатылбаса, анда объект (лот) Система тарабынан кезектеги аукционго коюлат. Кезектеги аукцион кайталанган аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып бешинчи күнү өткөрүлөт.
Кезектеги аукцион өткөн жок деп таанылган учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча объектти (лотту) өткөрүлбөгөн кезектеги аукциондун жалгыз катышуучусуна сатат.
Эгерде кезектеги аукционго катышууга бир да арыз берилбесе, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча объектти (лотту) анын наркын баштапкы баадан 30 пайызга чейин этап менен төмөндөтүү менен сатуу үчүн кезектеги аукционго коёт.";
- 24-пунктта:
биринчи абзацта "сатууну" деген сөз "ээликтен ажыратууну" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) уставдык капиталындагы акциялардын 50 жана андан ашык пайызы (катышуу үлүшү) мамлекетке таандык болгон чарбалык коомго же ага көз каранды, же болбосо туунду коомго объектти сатуу;";
4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) акча каражаттары мамлекеттик бюджеттин курамына кирбеген мамлекеттик органдарга акы төлөп ээликтен ажыратуу.";
- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Объекттин (лоттун) наркын бөлүп төлөөгө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча сатып алуу-сатуу келишиминде жол берилет.
Бөлүп төлөө төмөнкүдөй мөөнөттө берилет:
- төмөнкү учурлардын жок дегенде бири болгон учурда - 12 айга чейин:
уставдык капиталында акциялардын 50 жана андан ашык пайызы (катышуу үлүшү) мамлекетке таандык болгон чарбалык коомго же ага көз каранды, же болбосо туунду коомго, ушул Тартиптин 24-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга объектти (лотту) сатуу;
объекттин (лоттун) сатуу наркы 100 миллион сомдон ашканда;
- объекттин (лоттун) сатуу наркы 50 миллиондон 100 миллион сомго чейин түзсө - 3 айга чейин.";
- 33-пункттун биринчи абзацында биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Объектти (лотту) бөлүп төлөө менен сатууда баштапкы төгүмдүн өлчөмү сатуу баасынан 30 пайыз өлчөмүндө болууга тийиш.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |