Редакцияот 13.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VI cессиясы

 

2025-жылдын  13-майындагы   № 7/1

 

Жер аянтын муниципалдык  менчикке алуу жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын             Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кош-Дѳбѳ айылынын Рысбек уулу Рыскелди кѳчѳсүндѳгү №0284,№0285,№0286,№0287,№0288,№0295,№0308 коду менен чектешкен 4000м2 жер аянты Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура боюнча  башкармалыгынан  жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ак-Талаа филиалынан  документтерин бүткѳрүү жана муниципалдык менчигине алуу Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Тѳрага:

Бактыбай уулу Кубанычбек