Редакцияот 15.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VIII cессиясы

 

2025-жылдын  15-майындагы   № 8/2

 

Жер аянтын муниципалдык  менчикке алуу жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын   Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн жер комиссиясынын 2025-жылдын 14-майындагы №5 протоколу менен сунушталган Кош-Дѳбѳ айылынын Рысбек уулу Рыскелди кѳчѳсүндѳгү №4-01-01-1001-0272 коддо жайгашкан муниципалдык менчиктеги 400 чарчы метр жер аянтына милициянын аймактык ѳкүлүнѳ үй салууга Ак-Талаа райондук ички иштер бѳлүмүнѳ мѳѳнѳтсүз ѳткѳрүлүп берилсин.

 

2. Жер аянтын Ак-Талаа райондук ички иштер бѳлүмүнѳ мѳѳнѳтсүз ѳткѳрүп берүү Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.

 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Тѳрага:

Бактыбай уулу Кубанычбек