Редакцияот 15.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VIII cессиясы

 

2025-жылдын  15-майындагы   № 8/3

 

Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок,Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарына таштанды таштоочу жана биотермикалык чуңкур курууга жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылындагы №1002 контур 0.20га биотермикалык чуңкур курууга,Чолок-Кайың айылындагы №382 контур 1га жана Жерге-Тал айылындагы №3531 контур 1га таштанды таштоочу жана биотермикалык чуңкур курууга жер бѳлүнүп берилсин.

2. Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура боюнча  башкармалыгынан  жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ак-Талаа филиалынан  документтерин бүткѳрүү  Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Тѳрага:

Бактыбай уулу Кубанычбек