Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-майы № 296
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасында транспорттук (автомобилдик) контролду жүзөгө ашыруу тартибинин ченемдерин аткаруу бөлүгүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын тизмегинде:
- 1-пункттун "Транспорттук" деген графасында "-" белгиси "+" белгисине алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын тизмегинде:
- 1, 11-пункттардын "Транспорттук" деген графасында "-" белгиси "+" белгисине алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун тизмегинде:
- 15-пункттун "Транспорттук" деген графасында "-" белгиси "+" белгисине алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 3-июнундагы № 40 (3696) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |