Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 311
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 "Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну, 2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Торугарт - Жалал-Абад темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 "Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 61 - 63-пункттар менен толукталсын:
"61. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында темир жол инфратүзүмүн долбоорлоону, курууну, каржылоону, эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруучу инвесторлор жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү республикалык ички каттамда ташууларга карата жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтерди жана республикалык ички каттамда жүктөрдү ташуу менен байланышкан кошумча операциялар үчүн жыйымдарга прейскурантты Тартипти ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органга бекитүүгө берүүгө тийиш.
62. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында темир жол инфратүзүмүн долбоорлоону, курууну, каржылоону, эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруучу инвесторлор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) белгиленген тартипте чыгымдар өзгөргөн учурда республикалык ички каттамда бекитилген тарифтерди оңдоого тиешелүү негиздеме менен каалаган убакта өтүнмө берүүгө;
2) эксплуатациялоо мезгили ичинде зарылдыгына жараша республикалык ички каттамда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтерди белгиленген тартипте бекитилген тарифтин жыйырма пайызына (20%) чейинки диапазондо каалагандай баа боюнча аныктоого же белгилөөгө;
3) эл аралык жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууларга карата төмөнкүлөр үчүн суммаларды өзүнүн каалоосу боюнча аныктоого, белгилөөгө жана алууга:
- эксплуатациялануучу темир жол аркылуу жүктүн бардык түрлөрүн ташуу;
- бөтөн оператор тарабынан пайдаланылуучу кыймылдуу курам жана локомотивдер үчүн эксплуатациялануучу темир жолду берүү (жүргүнчүлөрдү ташуу, ошондой эле жүктөрдү ташуу);
- кайсы болбосун үчүнчү жак тарабынан курулган бардык башка темир жолдор менен туташуу үчүн эксплуатациялануучу темир жолду берүү.
63. Ушул Тартиптин 61 жана 62-пункттарында көрсөтүлгөн эл аралык жана республикалык ички каттамдарда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди аныктоодо инвесторлор төмөнкү принциптерди сактоого тийиш:
1) темир жол инфратүзүмүнө рыноктук суроо-талап жана темир жолдун рыноктук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү;
2) инвестордун темир жол инфратүзүмүн каржылоого, долбоорлоого, курууга, курулушун аяктоого, эксплуатациялоого жана тейлөөгө кеткен чыгымдары;
3) транзиттик ташууларга региондогу жалпы инфляциянын жана валюталык курстардын өзгөрүүлөрүнүн таасири;
4) темир жол менен ташуулар жана эл аралык темир жол каттамында тарифтерди белгилөө чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |