Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-июну № 117
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 17-сентябры, № 97) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
37-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт жана анын кармоочусу болуп саналат, ошондой эле кылмыштар жөнүндө жалпы статистикалык маалыматтарды түзөт жана белгиленген тартипте башка ведомстволорго жана инстанцияларга маалыматтарды берет.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 21-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |