Редакцияот 29.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IX чакырылыштагы депутаттардын кезектеги  VIII сессиясы

 

2025-жылдын 29-майы № 8-6

 

Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө

       

2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде Ат-Башы айыл аймагындагы санитардык тазалыкты, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой элекүйүүчү-майлоочу жана техникалык керектөөлөрдү каржылоо максатындаАт-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарында жайгашкан имараттардын ээлеринен төмөндөгүдөй жыйымдар алынсын:

·       Ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган турак жайлардын ээлеринен (ар бир түтүндөн) – айына 100 (бир жүз) сом;

·       Ишкердик ишке арналган чоңаянттуу (100 чарчы метрден өйдө) коммерциялык имараттардан (соода борборлору, курулуш материалдарын саткан соода түйүндөрү, тез татым жайлары, жер-жемиш саткан жайлар, кичи ишканалар ж.б.) ээлерине – айына 1200 (бир миң эки жүз) сом;

·       Кичи аянттагы (100 чарчы метрге чейин) соода жайларынын (контейнер, ларёк, павильон ж.б.) ээлеринен – айына 200 (эки жүз) сом.

 

2.Ак-Жар айылында жайгашкан полигонго таштандыларды ташып келген унаалар үчүн кирүү акысы төмөндөгүдөй белгиленсин:

 

·       Жеңил автоунаалар үчүн – 100 (бир жүз) сом;

·       Жүк ташуучу чоң автоунаалар үчүн – 300 (үч жүз) сом.

 

3.Жыйналган каражаттар айыл ичиндеги санитардык-тазалыкты сактоо, таштанды төгүлгөн полигонду рекультивациялоо, техникаларды оңдоо жана тейлөө, кызматкерлердин айлык маяналарын төлөөмаксатында пайдаланылсын;

 

4.Жыйымдарды чогултууда имарат ээлери менен милдеттүү түрдө келишим түзүлсүн жана төлөмдөрдү алуу боюнча расмий квитанция берүү тартиби киргизилсин;

 

5.Таштанды чыгаруу кызматы жыл бою үзгүлтүксүз жана белгиленген график боюнча жүргүзүлсүн;

 

6.Төлөм жүргүзбөгөн жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлсүн;

 

7.Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын  2023-жылдын 6-октябрындагы №7-5 токтому күчүн жоготту деп табылсын;

 

8.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын директоруна  милдеттендирилсин;

 

9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын. 

 

 

 

Төрага

У. Мелис уулу