Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна) |
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү жобо "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Айыл аймагынын жана шаардын аткаруу органы же жайыттарды башкарууга жана пайдаланууга ыйгарым укук берилген муниципалдык ишкана жайыт пайдалануучуга тиешелүү жыйым төлөнгөндөн кийин, келишимдин негизинде жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берет.
3. Жайыт ресурстарын башка максаттарда пайдалануу укугу үч жылдан ашык мөөнөткө берилген учурда, ал укук милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
4. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү ачык-айкындык, жалпыга жеткиликтүүлүк жана жайыт ресурстарын үзгүлтүксүз, сарамжалдуу, туруктуу пайдалануу принциптеринде жүргүзүлүшү керек.
5. Жайыттарды жеке жана юридикалык жактар төмөнкү максаттарда пайдалана алышат:
1) эс алуу үчүн;
2) жапайы өскөн мөмө, жемиш, козу карын, башка тамак-аш азыктарын жеке пайдалануу максатында чогултуу;
3) дарылык-техникалык чийки затты чогултуу жана аарычылык;
4) маданий, ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу;
5) аңчылык;
6) жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү чогултуу жана баштапкы кайра иштетүү пункттарын жана малды жасалма уруктандыруу пункттарын орнотуу;
7) чөп, тоют даярдоо;
8) жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу.
6. Көп жылдык мөмөлүү бак-дарактардын плантацияларын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун VI главасына ылайык асылдуулугу төмөн жайыттар гана берилет.
7. Ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашырууда жайыттар ушул Жобонун жана жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда берүү жөнүндө келишимдин талаптарын аткарууну эске алуу менен кийинки мөөнөткө узартылып, 5 жылдык мөөнөткө чейин берилет.
8. Туристтик ишти жүзөгө ашырууда жайыттардагы курулуштар архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте макулдашылган жеңил конструкцияларды тургузуу аркылуу ишке ашырылат, ушул Жобонун жана жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда берүү жөнүндө келишимдин талаптарын аткаруу эске алынып, кийин 20 жылга чейин узартуу менен 5 жылдык мөөнөткө чейин берилет.
9. Балык чарба ишин уюштуруу жана ишке ашыруу максаттары үчүн жайыттар "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык которулгандан (трансформациялангандан) кийин берилет.
10. Фаунанын эндемикалык түрлөрү жашаган жана өсүмдүктөрдүн эндемикалык түрлөрү өскөн аймактар, мал айдап өтүүчү жолдор камтылган жайыттар мал жаюу менен байланышпаган башка максаттар үчүн берилбейт.
11. Жеке жана юридикалык жактардын жайыт участогунда болуусу, ошондой эле жапайы өскөн мөмө, жемиш, козу карын, башка тамак-аш азыктарын, дарылык-техникалык чийки затты чогултуу айыл аймагынын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына ылайык чектелиши мүмкүн.
12. Жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган, жайыттын кыртышын бузууга алып келүүчү башка максаттарда берүүнүн милдеттүү шарты болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте тиешелүү аймакта бирдей маанидеги деградацияланган жайыт аймагын калыбына келтирүү саналат.
13. Калыбына келтирилүүгө тийиш болгон жайыт жерлери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат жана бекитилет.
2-глава. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
14. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү тиешелүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык-айкын жүргүзүлөт.
15. Тиешелүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктары жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдаланууга артыкчылыктуу укук берүү менен эске алынат.
16. Тиешелүү аймакта жашаган калк жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун бул аймакта жашабаган адамдарга берүү, пайдалануунун кандайдыр бир түрү (кышкы, жазгы, жайкы, күзгү) жана жайыт аянты боюнча маселелерди жыйналыштын кароосуна коюуга укуктуу.
3-глава. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин формасы жана шарттары
17. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө типтүү келишим ушул Жобонун тиркемесине ылайык жазуу жүзүндө түзүлөт.
18. Тараптар келишимдин бирден нускасын алышат. Келишимдин көчүрмөсү маалымат үчүн тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жиберилет.
19. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин жазуу жүзүндөгү формасы сакталбаган учурда, келишим жараксыз деп эсептелет.
20. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) келишимдин тараптары;
2) жайыт ресурстары пайдаланууга берилүүчү жер;
3) жайыт ресурстарын пайдалануунун түрлөрү;
4) берилүүчү жер участогунун аянты;
5) жайыт ресурстарын пайдалануунун мөөнөтү;
6) жыйымдын өлчөмү жана аны төлөө тартиби;
7) тараптардын укуктары жана милдеттери;
8) форс-мажордук жагдайлар;
9) келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
21. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимге берилүүчү жер участогунун чек арасы жана аянты көрсөтүлгөн пландык-картографиялык материал тиркелет.
22. Ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин олуттуу шарттары болуп саналат. Келишимде тараптардын каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар да көрсөтүлөт.
4-глава. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым
23. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) алардагы иштин түрү жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерине ылайык;
2) алардагы иштин түрү мал жаюу менен байланышпаган, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - бул участокту мал жаюуга пайдалануу үчүн каралган жыйымга барабар өлчөмдө.
24. Табигый тоют жерлерин бөлүп берүүгө байланыштуу мал чарба продукцияларынын жоготууларынын ордун толтуруунун ченемдери Жот = Т х Б формуласы боюнча аныкталат, мында Жот -жоготуунун ордун толтуруунун ченеми, Т - чабындынын же жайыттын (геоботаникалык изилдөөнүн маалыматтары боюнча) кургак заттагы түшүмдүүлүгү, Б - ички рыноктогу аштык буудайдын сатып алуу баасы.
25. Аарычылык ишин ишке ашырууда жана жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бал челектерди жайгаштырууда жайыттарды башка максаттарда пайдалангандыгы үчүн жыйым алынбайт.
5-глава. Жайыт пайдалануучунун укуктары жана милдеттери
26. Келишимге ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишимде аныкталган көлөмдөгү жерде жайыт ресурстарын пайдаланууну жүзөгө ашырууга;
2) маданий жайыттар жана түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттарга таандык участокторду кошпогондо, жайыт участокторунда курулуш, экология, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен убактылуу турак жайларды, өндүрүштүк жайларды, кампаларды жана башка курулмаларды белгиленген тартипте (айыл өкмөтүнүн же мэриянын, муниципалдык ишкананын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча) тургузууга жана курууга;
3) жайыт ресурстарын пайдалануу менен байланышкан чарба ишинин түрүн өз алдынча тандоого жана алынган продукцияны тескөөгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү келишимин бузууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана келишимдин шарттарына каршы келбеген башка укуктарды пайдаланууга.
27. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү келишими боюнча жайыт пайдалануучу келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин шарттары бирдей болгон жаңы мөөнөткө келишим түзүүдө башка жактарга караганда артыкчылыктуу укукка ээ болот.
28. Жайыт пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жүргүзгөн ишинин натыйжасында жайыттын абалын жана экологиялык кырдаалды начарлатууга жол бербестен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү келишимине ылайык жайыт ресурстарын пайдаланууга;
2) жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү келишиминде белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө жыйым төлөөгө;
3) жайыттын жана малды сугаруучу жайлардын таштандылар, биологиялык жана химиялык заттар менен булганышына жол бербөөгө;
4) башка жайыт пайдалануучулардын жана аймактары чектеш жер пайдалануучулардын кызыкчылыктарын бузбоого;
5) Кыргыз Республикасынын жер жана жаратылыш коргоо мыйзамдарын сактоого;
6) жайыттын пайдаланылышын мамлекеттик контролдоого тоскоолдук көрсөтпөөгө;
7) мал чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу жайыт инфраструктурасынын объекттерин жана башка объекттерди эксплуатациялоонун шарттарын бузбоого.
6-глава. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимди токтотуу үчүн негиздер
29. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү келишими төмөнкү учурда токтотулат:
1) келишимдин мөөнөтү аяктаганда;
2) жайыт пайдалануучу жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдаланууга берилген укугунан баш тартканда;
3) жайыт пайдалануучу ишин токтоткондо;
4) тараптар тарабынан келишимдин шарттары аткарылбаганда.
7-глава . Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин шарттарын өзгөртүүнүн тартиби
30. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү келишиминин шарттарын өзгөртүүгө төмөнкү учурда жол берилет:
1) жайыттын абалы өзгөргөндө (өрт, жер көчкү, топурактын шамал жана суу эрозиясы, жер титирөө, суу ташкыны, зыянкечтер жана илдеттер менен жайыт участокторунун бузулушу);
2) айыл аймагынын жана/же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген жайытты пайдалануунун ар жылдык планында белгиленген режими өзгөргөндө;
3) жайыт пайдалануучу жайыт ресурстарын пайдалануунун айрым түрлөрүн ишке ашыруудан баш тартканда.
8-глава . Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана талаш-тартыштарды кароо
31. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
32. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимди түзүү, аткаруу, өзгөртүү жана бузуу учурунда келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.