Редакцияот 29.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IX чакырылыштагы депутаттардын кезектеги  VIII сессиясы

 

2025-жылдын 29-майы № 8-9

 

 

 “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыларынбекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайыкАт-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Э. Толубаевдин берген сунушунун угуп жана талкуулап,Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

 

1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан калкка жана мекемелерге көрсөтүлүүчү техникалык кызмат акылары төмөндөгүдөй өлчөмдөбекитилсин:

·       ХОВО унаасы – 1 рейс үчүн 4000 (төрт миң) сом;

·       КАМАЗ унаасы – 1 рейс үчүн 2500 (эки миң беш жүз) сом.

 

2.Көрсөтүлгөн тариф 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

 

3.Ат-Башы айыл өкмөтү жана “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасы бул тарифтерди калкка жана мекемелерге расмий маалымдоону камсыз кылсын.

 

 

 

 

 

 

Төрага

У. Мелис уулу