Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна) |
Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөө тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөө тартиби жөнүндө ушул типтүү жобо (мындан ары - Жобо) "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик менчиктеги жайыттарды (мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жайыттарынан тышкары) пайдалануу үчүн акы төлөөнү белгилөө тартибин аныктайт.
2. Жобо жайытка чыгарууга уруксат берилген малдын санына жана түрүнө жараша жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөөдө бирдиктүү мамилелерди түзүүгө багытталган.
3. Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү жайыттын аянт бирдигинин оптималдуу жүктөмдү, алардын инфраструктурасынын абалын, ошондой эле алардын күрдүүлүгүн, алыс жайгашкандыгын жана башка факторлорду эске алуу менен жыл сайын жайыттын квадрат метрине салыктык базалык наркынан төмөн эмес белгиленет, ошондой эле жайыттарды пайдалануу боюнча ар жылдык пландарга киргизилет жана тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
2-глава. Малдын башы үчүн жыйымды аныктоо тартиби
4. Малдын башы үчүн жыйымдын өлчөмүн аныктоо төмөнкү этаптардан турат:
Биринчи этап. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар берилген айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы же муниципалдык ишкана, айыл аймагынын же шаардын жайыттарынын жалпы аянтын белгилейт.
Экинчи этап. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар берилген айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы же муниципалдык ишкана айылдык жана шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча жайыттарды пайдалангандыгы үчүн кирешенин жалпы суммасын аныктайт. Кирешенин өлчөмү жергиликтүү бюджеттин керектөөлөрүн эсепке алуу менен аныкталат. Кирешенин суммасын аныктоодо төмөнкүлөр эске алынат.
1) жайыттарды жана алардын инфраструктурасын күтүүгө жана башкарууга кеткен чыгымдар (жолдор, мал айдап өтүүчү жолдор, көпүрөлөр, сугаруучу жайлар, сууга чөмүлтүүчү бактар ж.б.);
2) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар берилген айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын же муниципалдык ишкананын операциялык чыгымдары.
Кирешенин суммасы бардык чогултулган максаттуу кирешени түзүү аркылуу же максаттуу кирешени гектарга макулдашуу жана аны жайыттын жалпы аянтына көбөйтүү аркылуу аныкталышы керек (аныктама эскертүүдө берилген).
Үчүнчү этап. Жайытка чыгарылуучу ар түрдүү малдын башынын санын малдын ээлеринен жана фермерлерден келип түшкөн бардык өтүнмөлөрдү эсептөө аркылуу аныктоо.
Төртүнчү этап. Ар түрдүү малдын санын "шарттуу мал башына" айландыруу малдын бул түрү жайыт тоюттарын тиешелүү керектөөсүн эске алуу менен аныкталат. Бодо мал жана топоз үчүн чоң жана жаш малга ажыратууну колдонуу сунушталат. Жаш кой-эчкилер (козулар жана улактар) эсепке алынбайт. Малды "шарттуу мал башына" айландыруу кайра эсептөөнүн төмөнкүдөй коэффициенттери менен жүргүзүлөт:
Малдын түрү | Шарттуу саны |
Бодо мал/топоз, чоң | 1 |
Бодо мал/топоз, жаш | 0,7 |
Кой-эчки | 0,2 |
Жылкы, эшек | 1 |
Төө | 1 |
Эгерде "шарттуу мал башына" жалпы саны жайыттын жол берилген санынан (оптималдуу жүктөмүнөн) ашып кетсе, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар берилген айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же муниципалдык ишкана айыл аймагынын, шаардын жергиликтүү кеңештери менен макулдашылган жол-жоболорду колдонуу менен жайытка чыгарууга уруксат берилүүчү малдын санын чектөөгө милдеттүү.
Бешинчи этап. Жайыттарды пайдалануу үчүн "шарттуу мал башына" жыйымдын өлчөмүн аныктоо (аныктоо эскертүүдө берилген).
Алтынчы этап. Малдын түрү боюнча жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды кайра эсептөө (кайра эсептөө эскертүүдө берилген).
5. Жыйымдын көрсөтүлгөн суммасы жайыт сезөнунун бардыгына төлөнөт (малчыларга акы төлөөнү эсепке албастаганда).
3-глава. Жайыттарды пайдалануу үчүн кирешелерди бөлүштүрүү
6. Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйым жыл сайын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укук берилген айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы же муниципалдык ишкана тарабынан аныкталат, айыл аймагынын, шаардын жергиликтүү кеңеши тарабынан бекитилет жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планында көрсөтүлөт.
7. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт жана жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн пайдаланылат.
8. Жайыттарды пайдалануудан келип түшкөн каражаттар казыналык система аркылуу түшөт жана чыгымдалат.
Эскертүү:
1. Мисалы айыл аймагынын же шаардын жалпы аянты 12641 га барабар болгон жайыт жери бар.
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар берилген айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы же муниципалдык ишкана колдо болгон 12641 га жайыт жеринен 200000 (эки жүз миң) сом алууну пландоодо, башкача айтканда ар бир гектардан 16 сомдон.
3. Мисалы жайыт жерлерге чыгарылуучу малдын саны төмөнкүлөрдү түзөт:
- чоң бодо мал жана топоз - 716 баш;
- жаш бодо мал жана топоз - 523 баш;
- кой жана эчки - 4872 баш;
- жылкы - 262 баш жана төө - 9 баш.
4. Малды "шарттуу мал башына" айландыруу төмөнкү схема боюнча аныкталат:
Малдын түрү | Саны | Кайра эсептөө коэффициенти | Мал бирдиги |
Ири бодо мал/топоз, чоң | 716 | 1 | 716 |
Ири бодо мал/топоз, жаш | 523 | 0,7 | 366 |
Кой-эчки | 4872 | 0,2 | 974 |
Жылкы, эшек | 262 | 1 | 262 |
Төө | 9 | 1 | 9 |
Жайытка чыгарылуучу "шарттуу мал башына" 2328 башты түздү.
5. Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү кошулган максаттуу кирешени "шарттуу мал башына" бөлүү жолу менен аныкталат. Кайра эсептөөдө бир "шарттуу мал башына" жыйымдын өлчөмүн кайра эсептөөдө 86 сомду түзөт.
6. Жайыт пайдалануу үчүн малдын түрлөрү боюнча жыйымды кайра эсептөө жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдү "шарттуу мал башына" коэффициентке көбөйтүү менен төмөнкүдөй схема боюнча жүргүзүлөт:
Мал | Малдын шарттуу башы | Жайыт пайдалануу үчүн төлөм |
"Шарттуу малдын башы" | 1 | 86 |
Бодо мал/топоз, чоң | 1 | 86 |
Бодо мал/топоздор, жаш | 0,7 | 60 |
Кой-эчки | 2 | 17 |
Жылкы, эшек | 1 | 86 |
Төө | 1 | 86 |