Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна) |
Айыл аймагынын же шаардын мамлекеттик жайыттарын башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жайыттарды башкаруу чөйрөсүндөгү функциялары:
1) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын, жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитүү;
2) жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү;
3) жайыт билеттерин берүү жана/же жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим түзүү;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан милдеттүү түрдө бекитүү менен жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн аныктоо;
5) жайыттарды пайдаланууга тийиштүү болгон талаш-тартыштарды өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечүү;
6) "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдардан түшкөн кирешелерди жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга инвестиция катары багытталган башка ресурстарды башкаруу;
7) муниципалдык ишканаларды түзүү;
8) жайыттарды башкарууга жана пайдаланууга байланыштуу маселелерди чечүү.
2. Муниципалдык ишкана айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде түзүлөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча функцияларды ишке ашырат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
3. Муниципалдык ишкана жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун бардык маселелери боюнча айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына отчет берет.