Редакцияот 08.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакырылышынын кезектүү II сессиясы

 

2025 -жылдын 8-апрели № 5/27

 

Миӊ-Булак айыл аймагында жайгашкан М1-М2 магистрал каналдарын өткөтүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 Мин-Булак айыл өкмөтүнүн №2.2-4/83  07.03.2025-жылдагы каты боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өркүндөтүү» жөнүндө токтомуна ылайык  Миӊ-Булак айыл аймагынын Эчки-Башы, Эмгекчил жана Куйбышев айылдарында жайгашкан М1-М2 магистрал каналдарынын ички чарбалык каналдарын Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү үчүн   Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II  кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

1.Миӊ-Булак айыл аймагынын Эчки-Башы, Эмгекчил жана Куйбышев айылдарында жайгашкан М1-М2 магистрал каналдарынын ички чарбалык каналдарын Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду аткаруу көзөмөлдөө жагы  Миӊ-Булак айыл өкмөт башысы  А.Океновго милеттендирилсин.

3. Ушул  токтом,   каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg   веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Усупов