Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-сентябры № 482
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.";
- 11 жана 12-пункттарындагы "Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 79 (3151) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
К.Боронов |
|
| Тиркеме |
Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору.".