Редакцияот 08.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакырылышынын кезектүү II сессиясы

 

2025 -жылдын 8-апрели № 5/32

 

Бюджеттен каралган акча каражаттын 3111 статьясынын ичинен, 3112 статьясына тиешелүү акча каражатын жылдыруу жɵнүндɵ

 

Миӊ-Булак  айыл өкмөтүнүн бөлүм башчынын баяндамасын угуп жана талкуулап   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык,     Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

1.     Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн материалдык базасын чындоого 2025-жылдын бюджетин бекитүүдө каралган 3111 статьясынан 3 400 000 сом акча каражатын төмөндөгү 3112-статьяга жылдырылып берилсин;

3111-статьясынан 3 400 000 (үч миллон төрт жүз миӊ) сом

3112-статьясына 3 400 000 (үч миллон төрт жуз миӊ) сом.

 

      2.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго  милдеттендирилсин.

 

  3. Ушул  токтом,  каттоодон  ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg  веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

К.Усупов