Редакцияот 27.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2025 -жылдын 27-майы  № 6/37

 

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жыл башынан калган  калдык акча каражаттарын бөлүп берүү жɵнүндɵ

 

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн бөлүм башчынын баяндамасын угуп жана талкуулап   жыл башынан калган  акча каражатын бөлүп берүү боюнча   Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I  кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1.     1-январь 2025-жылдын башына калган калдык акча каражатын төмөндөгү статьяларга каралып берилсин:

2511- Миӊ-Булак Тазалык муниципалдык ишканансына субсидия катары        6 458 700 (алты миллион төрт жүз элүү сегиз миӊ жети жүз) сом.

3111- Куйбышев, Миӊ-Булак, Өрнөк айылдарын электр мамычаларын алууга 1 761 600 (бир миллион жети жүз алтымыш бир миӊ алты жүз) сом.

3111- Эмгекчил айылынын А. Оскөнбаев атындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтуна өздүк салым катары 1 290 000 (бир миллон эки жүз токсон миӊ) сом.

3111- Эмгекчил айылыныдагы гараждын имаратын капиталдык ремон өткөрүүгө 1 954 900 (бир миллион тогуз жүз элүү төрт миң тогуз жүз)

3111- Жер-Көчкү айылын жарыктандырууга 1 689 000 (бир миллон алты жүз сексен тогуз миӊ) сом

3111- Жер-Көчкү айылынын таза суу системасын ремонтоо үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом.

3111- Миӊ-Булак айылынын таза суу системасын куруу үчүн 2 996 900 (эки миллион тогуз жүз токсон алты миӊ тогуз жүз) сом

3112- Оттук айылына Беларус тракторун алууга 2 520 000 (эки миллион беш жүз жыйырма миӊ) сом

Баардыгы: 19 671 100 ( он тогуз миллион алты жүз жетимиш бир миң бир жүз) сом.

      2.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго  милдеттендирилсин.

 

  3. Ушул  токтом,  каттоодон  ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg  веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

К.Усупов