Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2025 -жылдын 27-майы  № 6/38

 

Кошумча план суроо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34- беренеси  жана Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кытай-Кыргыз компаниясы "Zhong Ji Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коомунунан пландан ашык тушкөн акча каражатына план суроо боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I  кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.     2025-жылдын 19-майына Кытай-Кыргыз компаниясы "Zhong Ji Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коомунунан 14511400-төлөө кодуна пландан ашык 8 300 000 (сегиз миллион үч жүз миң) сом акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу кошумча план суралсын.

 

2. Ушул токтомду аткаруу көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөт башчысы  А. Океновго  милдеттендирилсин.

 

3. Ушул  токтом,   каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg   веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

К.Усупов