Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 22-майы № 103
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (“Эркин-Тоо” гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 41-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жактар тарабынан иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууда ушул Кодекстин 74, 98, 144, 179, 222, 2221–2224, 2226, 270, 274, 276, 318, 385, 386-беренелеринде каралган укук бузууларды жасоонун натыйжасында мыйзамдардын талаптары бузулган учурда ыйгарым укуктуу орган материалдарды иштин белгилүү түрүн токтотуу, объектти анын баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жөнүндө чечимди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү органга жөнөтөт, же болбосо, эгерде бул маселе анын компетенциясына кирсе, өз алдынча карайт.”;
2) 24-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2221–2226-беренелер менен толукталсын:
“2221-берене. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүнүн жана сатуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу
1. Жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды өндүрүүнүн, чогултуунун, кайра иштетүүнүн, даярдоонун, сактоонун, транспорттоонун (ташуунун), жүгүртүүнүн жана сатуунун, анын ичинде мамлекеттик сатып алуунун ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жаныбарларды багуунун, эксплуатациялоонун, транспорттоонун (ташуунун), айдап өтүүнүн жана сатуунун ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Жаныбарларды жана мамлекеттик ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон башка товарларды ташып келүүнүн (импорттоонун) жана ташып чыгуунун (экспорттоонун), ошондой эле транзиттөөнүн ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу –
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Жаныбарларды союуга жана жаныбарларды союучу жайга карата ветеринардык-санитардык талаптарды бузуу, жаныбарларды белгиленбеген жайларда коммерциялык максаттарда союу –
жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Ушул берененин 1–4-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2222-берене. Жаныбарлардын биологиялык калдыктарын жана өлүктөрүн
чогултуунун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун
ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу
1. Жаныбарлардын биологиялык калдыктарын жана өлүктөрүн чогултуунун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосун жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2223-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө объекттерин
кайтаруу режимин камсыз кылуучу мыйзамдарды бузуу
1. Ветеринардык көзөмөлдөгү жана контролдогу объекттерди долбоорлоонун, куруунун, реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу –
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ветеринария боюнча мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусуз жер участокторун бөлүп берүү жана берүү, курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоо жана жер участокторуна тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдоо –
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнүн, зооветеринардык ажырымдардын өлчөмдөрүн, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу боюнча башка биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды сактабоо –
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Жаныбарлардын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүнгөн жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалык чуңкурлар жана крематорийлер), сибирь жарасынын очокторун күтүүнүн ветеринардык-санитардык талаптарын жана эрежелерин бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагында мал жаюу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Ушул берененин 1–5-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2224-берене. Кесиптик милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу менен коштолгон ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузуу
1. Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын кесиптик милдеттерин, келишимдик негизде өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоосу же болбосо талаптагыдай аткарбоосу, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу, ветеринария, тамак-аш коопсуздугу, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды бузуу, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын келип чыгуу фактыларын жана алардын келип чыгуу жана жайылуу коркунучун түзүүчү жагдайларды жашыруусу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн жана алардын жыйынтыктарын берүүнүн аныктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ветеринардык эрежелерди жана ветеринардык лабораторияларга карата ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2225-берене. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды
идентификациялоо жаатындагы мыйзамдарды бузуу
1. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын жана эрежелерин бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосун жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2226-берене. Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык
ресурстарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу
1. Аквакультураны жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Көлмө жана бассейндик балык өстүрүү чарбаларынын буфердик чөлкөмдөрүнө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Балык өстүрүү чарбаларында товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүү боюнча балык өстүрүү-биологиялык ченемдерди жана талаптарды бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Аквакультура объекттерин өстүрүү үчүн курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды, ошондой эле балыктын урук чачуу мезгилинде алардын өндүрүлүп чыгаруу шарттарын жана урук чачуучу миграция жолдорун бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Тиешелүү илимий биологиялык негиздемесиз жана экологиялык экспертизанын оң корутундусуз суу биологиялык ресурстарынын жаңы түрлөрүн ташып келүүнүн, климатташтыруунун жана көлмөлөргө байырлатуунун белгиленген тартибин бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
7. Ушул берененин 1–6-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.”;
3) 240-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“240-берене. Токой мыйзамдарын бузуу
1. Олуттуу эмес зыян келтирүү менен мамлекеттик токой фондун пайдалануу тартибин бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Олуттуу эмес зыян келтирүү менен токойлордо дарактарды, эндемикалык өсүмдүктөрдү жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу же өсүүсүн токтоткон деңгээлге чейин зыян келтирүү, тиешелүү уруксаты жок мал жаюу, жер кыртышын бузуу, ошондой эле өзүм билемдик менен курулуштарды куруу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Экотутумдардын абалына жана токойлорду жаңыртып өстүрүүгө зыяндуу таасирлерди болтурбоочу түзүлүштөр менен камсыз кылынбаган жаңы жана реконструкцияланган объекттерди пайдаланууга берүү –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 1–3-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул беренеде олуттуу эмес зыян деп укук бузуу жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 10дон 100гө чейинки эсептик көрсөткүчтү түзгөн материалдык (мүлктүк) зыян түшүнүлөт.”;
4) 270-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“270-берене. Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын
жүгүртүүнүн, сатуунун жана колдонуунун тартибин бузуу
1. Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун, даярдоонун, жүгүртүүнүн, сатуунун жана колдонуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин, тартибин жана талаптарын бузуу –
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугу боюнча техникалык регламенттерди бузуу –
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.”;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 4571-берене менен толукталсын:
“4571-берене. Токой чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган
Токой чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик токой фондунун аймагындагы укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 240, 256, 258–261-беренелеринде каралган жаза чараларын көрөт.”;
6) 459-беренеде:
а) “116–118” деген цифралар “117, 118” деген цифраларга алмаштырылсын;
б) “269,” деген цифралар алып салынсын;
7) 461-беренеде “144–149” деген цифралар “144–148” деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 462-беренеде “237, 239, 241, 242, 251 жана 252-беренелерде” деген сөздөр “116–120, 149, 237, 239, 241, 242, 246–250, 251, 252 жана 269-беренелерде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 475-берене “222,” деген цифралардан кийин “2221–2226,” деген цифралар менен толукталсын.
2-берене
Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1-берененин 2-пунктунун он тогузунчу, жыйырманчы, кырк сегизинчи жана кырк тогузунчу абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-майындагы № 38 (3694) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |