Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-майы № 298
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 «Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим
берүүгө өтүү концепциясын бекитүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 «Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясында:
– 6.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.1. Концепцияны ишке ашыруу этаптары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |