Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 13-июну № 118
2024-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - ІІ фаза, (3) Кемин чакан долбоору» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунан «Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - ІІ фаза, (3) Кемин чакан долбоору» долбоору боюнча берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2024-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шолоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - ІІ фаза, (3) Кемин чакан долбоору» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунан «Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - II фаза, (3) Кемин чакан долбоору» долбоору боюнча берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
| 2025-жылдын 30-апрелинде |