Документке
Мурунку18.06.2025

                         КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

                        XXIX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

      30-май 2025-жыл  №29-6/1                                                          

 

                                              ТОКТОМ

 

«Каракол шаарынын дене тарбия жана спорт ордосунун» аталышын Каракол шаарынын «Ынтымак Аренасы» деп атын ѳзгѳртʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын 26-майындагы, чыг:№01-17/1958, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен  иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы,

                                                    токтом кылат:

 

1.   «Каракол шаарынын дене тарбия жана спорт ордосунун» аталышы, Каракол шаарынын «Ынтымак Аренасы» деген аталышка ѳзгѳртʏлсʏн.

 

2.   Каракол шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, «Каракол шаарынын дене тарбия жана спорт ордосунун» аталышын,  «Ынтымак Аренасы» деген аталышка ѳзгѳртʏʏ боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.

 

3.   Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

4.   Токтом ММКларда жарыялансын.

 

5.   Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен  иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

 

Төраганын биринчи

орун басары  Б.Ш. Курманов

Жаңы30.05.2025