Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/1
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алып Баш-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиянын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын № 3-протоколу бекитилсин.
2. Баш-Булак айылдык кеңешинин төрагалыгына айылдык кеңештин үч мандаттуу № 4 Садырбай шайлоо округунун депутаты Бакиров Айбек Джолборсбекович шайланды деп эсептелсин.
Баш-Булак айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты |
| Эркулова О.Ж. |