Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/2
Баш-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентине ылайык Баш-Булак айылдык кенеши I сессиясынын эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Баш-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиянын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын № 4-протоколу бекитилсин.
2. Баш-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына айылдык кеңештин сегиз мандаттуу № 1 Баш-Булак шайлоо округунун депутаты Малабеков Мелис Абдисаламович шайланды деп эсептелсин.
Төрага |
| А.Бакиров |