Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 2/3
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жеке менчик турак жай, үй куруу үчүн берилген документтерди кароо үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомуна ылайык жеке менчик турак жай үй куруу үчүн берилген документтерди кароо үчүн сунушталган комиссия курамын колго салып Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жеке менчик турак жай, үй куруу үчүн жер-жерлерде берилген документтерди кароо үчүн комиссия төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
1. Н.Бекмуратов – Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасы.
2. А.Чийирова – Баш-Булак айылдык кенешинин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
3. О.Эркулова – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
4. Э.Касымов – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
5. А.Толубаев – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
6. У.Жоробаев – айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү.
7. М.Оморов – Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү
8. М.Асамидин уулу – Кара-Суу райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулктөрдү каттоо башкармасынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү.
9. Б.Сайдаматов – айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарбасы, экология жана архитектура, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |